Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:42

ПЕТЕРГОФТО ОРУСИЯЛЫК АКЫРКЫ ПАДЫША ЭНЕСИНИН СӨӨГҮН КОЮУ КААДАСЫ ӨТТҮ


Бүгүн Петербург алдындагы «Падышалар айылы» (Царское село) шаарчада орусиялык акыркы падышанын энеси Мария Федоровнанын сөөгүн жерге берүү каадасы өтөт. Табыт шейшембиде Даниянын аскерий кемеси менен Кронштадтка жеткирилген. Кечээ, 27-сентябрде маркумдун сөөгүнө таат кылганы келгендерге эшик ачык болгон. Даниялык падышанан кызы Дагмар биринчи жолу Орусияга келиши мындан 140 жыл мурда болгон экен. Азыр анын сөөгү ошол жолду басып Петербургга акыркы жолу келди дешет.

Даниялык падыша Кристиандын IX алты баласынын төртүнчүсү -Дагмар 1847-жылы 26-ноябрде Копенгагенде туулган. Бойго жеткенде орусиялык падыша Александр III 1866-жылы 26-сентябрде күйөөгө чыккан. Дагмарга православие чиркөөсү Мария Федоровна деген жаңы ат берген.

Мария Федоровна (Дагмар) Орусияда баш-аягы 50 жылдан ашуун убак жашаган. Алты бала тууп анын бири - Орусиянын акыркы падышасы Николай II болгон. Большевиктер бийликти алгандан кийин Николайды беш баласы менен аттырган. Падышанын энеси 1919-жылы 19-августта мекени Данияга кайтып барган. Ошол бойдон ал жакта жашап жүрүп 1928-жылы 13-октябрде көзү өткөн.

Ошол Мария Федоровнанын сөөгү, орусиялык падышалар жаткан Петропавловдук көрүстөнгө, жубайы Александр III жанына коюлду.

"Эркин Европа жана Азаттыктын" анализчиси Клер Биг даярдаган макалада Романовдор бүлөсүнүн өкүлү Иван Артишевский менен чакан маек бар. Анын айтканы боюнча орусиялыктардын мындай каада менен тосуп алуусуна Мария Федоровна толук акылуу:

«Орусияга келип падышалык айым милдетин чындап аткара алган даниялык кызга азыркы орусиялыктардын сый көрсөтүшү арзырлык», - дейт ал.

Орусиянын президенти төрт жыл мурда Даниянын падышасы Маргрет II айым менен жолукканда Мария Федоровнанын сөөгүн Петербургга алып барып коюуну өтүнгөн. Даниянын падышасы ага макул болгон.

Ырас, 2002-жылдын этегинде «Норд-Ост» террордук акты болгон күндөрү Копенгагенде «Чечендердин дүйнөлүк конгресси» өткөн. Анын ишине катышкан Ичкериянын өкүлү Ахмед Закаевди өткөрүп берүүнү талап кылып Орусиялык бийлик кайрылат. Дания аны четке кагат. Ошол себептүү Путин даярдыктан өткөн Данияга жасалчу иш сапарын алып таштаган.

«Падышалар айылында» кааданы азыркы бийлик өз атын чыгаруу багытында колдонгонун Левада сурамжылоо борборунун өкүлү Борис Дубин айтат.

«Калктын баары эле падышалык тукумду самап атат дешке болбойт. Кайсы бир интеллигентер кабыргасы кайышканы байкалат. Азыркы бийлик болсо мурдагы советтик кез менен жарашуу жолунда, андан мурдагы (падышалык – ММ) кез менен жарашууга даяр, ал тургай, өзүн кайсы бир тарыхый танымал инсандар тукуму кылып көргөзүгө умтулууда», - дейт Дубин мырза

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG