Менчик кол тийбестиги коркунучтабы?
Өткөн апталарда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары инвестициялык климат, менчик укугу тепселенип жатканын айтып чыгышты. Мындай билдирүү өлкөдө коррупцияга каршы күрөштүн алкагында ири ишкерлердин мүлктөрү мамлекетке өткөн учурга туш келди. Ал тапта менчиктин кол тийбестигин камсыздоо максатында жыйырмадан ашуун депутат “1991-жылдан тартып 2024-жылга чейин менчиктештирилген айрым объектилерге карата мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап, биринчи окууда жактырылды. Бул арада өкмөт дагы өлкөгө кирип жаткан чет элдик инвестиция эки эсе азайып кеткенин моюндап жатат. Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртып, жеке менчиктин кол тийбестигин камсыздоо үчүн эмнелерди кылуу керек? “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкууладык.
Чыгарылыштар
-
Апрель 30, 2026Евробиримдиктин санкциясы Кыргызстанга эмнеге кооптуу?
-
Апрель 29, 2026Ташиевге кылмыш иши козголду. Окуя кандай өнүгөт?
-
Апрель 22, 2026Күч органдары ачык-айкындуулук менен адискөйлүктөн алыспы?
-
Март 16, 2026Ташиевдин отставкасынан кийинки саясий жүрүштөр
-
Февраль 26, 2026Жогорку Кеңештеги жүрүш: үч депутат мандатын тапшырды
Шерине