Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:46

ЖАЛАЛАБАТ: ЧЕК АРА АНЫКТАЛБАГАНДЫКТАН КАГЫЛЫШУУ БОЛУП ЖАТАТ


26-сентябрда Жалалабат облусундагы Ноокен районунун чек ара аймагында ок атылды. Ага өзбекстандык жарандардын кыргыз аймагына кирип, мал багуусу себеп болду. Алардын чыгып кетишин талап кылган чек арачыларга кол салганда жоокерлер асманга атууга аргасыз болушкан. Атылган октун бири өзбекстандык жарандын согончогун чырпып кеткен.

Шейшемби күнү «Сакалды» чек ара бекетинин үч жоокери «Багыш» айылында мал багып жүргөн 20дан ашык өзбекстандык жарандан өз өлкөсүнө өтүп кетүүнү талап кылган. Талап аткарылбаса, бодо малын айдап кетишеерин эскертишкен. Өзбекстандыктар мындай эскертүүгө моюн сунбай, сөгүнүшүп, чек арачыларды таш-кесек менен ургулашкан. Кыйкырык-бакырыктан улам чек аранын өзбек тарабында 30-35тей адам чогулган.

Чек ара кызматынын маалымат кызматынын жетекчиси Чынболот Айтманбетовдун билдиргенине караганда окуя болгон жерге өзбекстандык 10 атчан чаап келишкен:"Алар куралды тартып алмак болуп, аттары менен жөөлөп киргенде атка ок атылган. Аттын курсагын тешип өткөн ок атчан кишинин оң бутунун согончогуна тийген".

Эскертүү иретинде асманга 6 жолу, жерге 4 жолу ок атылган. Ок согончогун чырпып кеткен өзбекстандык Адылжан Мирзаев аттуу адам Анжиян облусунун Пахтабат райондук ооруканасына жеткирилген. Окуя болгон жерге Өзбекстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү да келишип, күнөө өзбекстандык адамдардан кеткендиги үчүн кечирим сурашкан.

Губернатордун орунбасары Жаныш Курбановдун белгилешинче окуя чоң чырга айланаарда бийлик менен коомчулуктун өкүлдөрү жаңжалды токтотуп калган:"Жаңжал болуп кете жаздаган. Ошол мезгилде биз облустук администрация тараптан акимдерге буйрук бердик тынччылык болсун деп. Чегара кызматкерлери, акимдер, аксакалдар барышып, кайра ынтымака келишип, мыйзам бузуулар экинчи болбой турганы жөнүндө макулдашылды."

Бутунан жараат алган киши өзбекстандын ооруканасына жеткирилген. Анжиян облусунун Пахтабат чек ара бөлүгүнүн штаб башчысынын милдетин аткаруучу Илмурат Камилов чек арачыларга кол салгандардын арасынан 6 адам кармалганын кыргыз тарабына билдирген. Аны 27-сентябрда облустагы Шамалдуусай чек ара бөлүгүнүн нөөмөтчү офицери Нурбек Асанбаев ырастады.

Анткени менен Жалалабатта аныктоону талап кылган талаштуу 20 жер бар. Чек араны тактоо комиссияларынын ишине катышып жүргөн Жаныш Курбановдун айтымында чек ара тилкесин тактоо коңшу калк бири-бирине жакын жайгашкандыктан татаалдашууда:"Жалалабат облусунун чегарасын облустун масштабында чечели. Биз алмаша турган болсок алмашып чегара коелу десек, өзбек тарап чегара Өзбекстанга таандык, биз Сохтон алабыз дагы, Жалалабаттан беребиз дегендей кыйын маселени коюп атат."

Чек ара эмдигиче такталбагандыктан коңшу элдин бири-бирине каттамы да кыйын. Облустун аймагында күзөтүлбөй жаткан ээн талаалар көп. Өзбекстан тарабы өз аймагын зым торлор менен курчап, түркүктөрдү орноткону менен Кыргызстанда мындай белгилер коюла элек. Анын айынан жарандар чек арадан адашып, кээде мыйзам бузууларга аргасыз барышат, деп эсептейт журналист Жолдошбек Осмонов:

"Чегараны киргизиш керек. Себеби Өзбекстан колунан келишинче өз тарабына зымдарды тосуп, түркөктөрдү коюп атат. Ал эми биз тараптан эч кандай аракет болбой атат. Ошондуктан бул аянт бизге карайт десек, биздин атуулдар да, өзбек атуулдары да ойлонот. Бул чектен өтсөм чегарачылар ок атышы мүмкүн деген жоопкерчилик пайда болот эле,"-дейт Жолдошбек Осмонов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG