Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

ОШ : ОБЛУСТУК АЙРЫМ ГЕЗИТТЕРДИ ЖАБЫЛЫП КАЛУУ КОРКУНУЧУ ТООРУДУ


Облустук “Ош жаңырыгы”, “Ош заадасы” жана “Эхо Оша” гезиттери финансылык кыйынчылыктан улам жабылып калуу коркунучунун алдында турушат. Бул тууралуу кайрылуу жасашкан мамлекеттик гезиттердин жетекчилери президенттин акционерлештирүү жөнүндөгү жарлыгы чыккандан бери басмаларга мамлекеттик казнадан акча бөлүштүрүү токтоп калгандыгын билдиришти.

Ош облустук мамлекеттик акимчилиги уюштуруучу болуп эсептелинген бул үч гезитке учурда казнадан акча бөлүнбөй жаткандыктан улам социалдык фондго болгон карыздар жана башка салык төлөмдөрү көбөйүп, кызматкерлердин айлык акыларын төлөп берүү кыйынчылыкты пайда кылып жатат деп айтылат кайрылуунун негизги мазмунунда.

“Ош жаңырыгы” гезитинин баш редактору Жапаркул Ташиев гезиттердин учурдагы абалын мамлекеттик эмес, же акционердик эмес болуп оор каржылык тартыштыкта жарга асылып турат деп сыпаттады:

- Азыр Указ указ бойдон турат. Эч кандай алардын жолдору, механизми иштелип чыга элек. Биз азыр же бюджеттик мекеме эмеспиз, же өзүн-өзү камсыздоочу чарба эмеспиз. Ортодогу кырдаалда турабыз. Эгерде бизге башынан анча-мынча эле колдоо болсо, өзүбүз чыгып кетерге ишенебиз.

Ал эми өзбек тилинде чыгуучу “Ош заадасы” гезитинин баш редактору азырынча мамлекеттен бөлүнүү эртелик кылат деп эсептеп, бул туурасында мамлекет башчысына жана премьер-министрге кат жөнөтүшкөнү менен, алигиче бир жактуу жооп келбей жаткандыгын белгиледи:

- Жыйналышта сөз болуп, биз президентке жана премьер-министрге кайрылганбыз. Мамлекеттин карамагынан чыгарып, үч жыл мораторий коюп турсун деген талапты койгонбуз. Ошол ишке ашып калса, гезиттерибиз чыгып турат деген үмүтүбүз бар, - дейт “Ош заадасы” гезитинин баш редактору Ахмадсалы Исмаилов.

Аталган үч гезиттин баш редакторлору менен жолугушкан Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев басылмаларды акционерлештирүү боюнча президенттин жарлыгын аткаруу кечеңдеп жатканын айтуу менен, маселени чечүүдө мамлекеттик каржылоону коомдук негизде жүргүзүү зарылдыгына токтолду:

- Коомдук болгону биздин коомго өтө жакшы болот эле. Коомдук болгондон кийин мамлекеттик бюджеттен каржыланып, бирок жетекчилиги администрациядан бекилбестен коом тарабынан тандалып алынса, анда бул гезиттердин эркин болушуна шарт түзүлөт эле. Жеке менчик болсо бир да гезит бүгүн бутуна тура албайт.

Анткен менен маалымат каражаттарынын абалын иликтөө жаатындагы адистер мамлекеттик гезиттердин түпкү калыбын өзгөртмөйүнчө бул багытта кандайдыр бир реформа жүрдү деп айтууга негиз жок экендигин айтышат:

- Облустук гезиттердин позициясы аябай ыңгайлуу позиция, даяр акча. Эмнени жазсаң, подписка боюнча кетет. Базардын шартына ылайык макалаларды жазып, элдер кызыгып сатып алса, ошонун эсебинен тиражды көбөйтүү бул иштей турган нерсе. Ал эми биздин редакторлорубуздун анча көңүлү да, иштегиси да жок. Эл арасында гезиттер сатып алганга татыктуу эмес, окуганга кызыксыз, - деген оюн билдирди Оштогу массалык маалымат каражаттарын колдоо борборунун директору Максүда Айтиева.

Ошол эле учурда айрым талдоочулар мамлекеттик гезиттерди казнанын эсебинен кармап туруунун зарылдыгы, же зарыл эместиги боюнча бийликте ушуга чейин бир жактуу позиция жок экенин белгилешет.
XS
SM
MD
LG