Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 04:42

28-СЕНТЯБРЬ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1857-жылдын 28-сентябрында Батыш Сибирь генерал-губернатору «кыргыздардын көп сандуу сарыбагыш уруусу империяга кирүүнү каалайт» деп кабарлаган. 1906-жылдын 28-сентябрында Түркстан генерал-губернатордугу революциялык кыймылга катышкандарга каршы «өзгөчө буйрук» чыгарган.

Кыргыздардын Кокон хандыгына каршы нааразылык маанайы 1857-жылдын жаз жана жай айларында жогорку чегине жетти. Чүй жана Фергана өрөөнүндөгү кыргыздар хандык бийликке каршы чыгышып, ал акыры улуттук боштондук кыймылга айланган. Чүй өрөөнүнүн кыргыздары хандыктын абийрсиз эзүсүнөн кутулуп, келечек өнүгүү багытын Россияга түздөй аны менен жакындашуу максатында империяга элчилик жиберген. 1857-жылдын 28-сентябрындагы Батыш Сибирь генерал-губернаторунун жазганына караганда «кыргыздардын көп сандуу сарыбагыш уруусу анын улуу даражалуулугу императордун өкүмүнө кирүүнү сураган».

1906-жылдын 28-сентябрында Түркстан генерал-губернатордугу революциялык кыймылга катышкандарга каршы «өзгөчө буйрук» чыгарган. Буйрукта каралгандай коммунисттик идеяларды жайылтып, калк арасында чагымчыл иштерди жүргүзгөн адамдар кармалып, сот жообуна тартыла тургандыгы көрсөтүлөт.

1916-жылкы көтөрүлүштө жалаң эле кыргыз же орустар эмес башка калк өкүлдөрү да жапа чеккен. Пржевальск шаарын камоо маалында 400дөн ашык кытай букаралары өлтүрүлүп, орус бийлигинин буйругу боюнча 4 миң чамалуу кытай улутунун өкүлдөрү шаар сыртына көчүрүлгөн. Жер которуу маалында кытайлыктардын мал, мүлкү таланып алынгандыктан кытай өкмөтү Пекиндеги орус өкүлчүлүгүнө кайрылып, чыгымды толук өндүрүп берүүсүн талап кылган. Бу туурасында маалымат Тыш иштер министрдигинен алынып, 1916-жылдын 28-сентябрында Түркстан генерал-губернатордугунда талкууланган.

1969-жылдын бу күнкү Кыргыз ТАГдын маалымдоосуна ылайык Ысыккөлдүн эң терең точкасы 660 метрге туура келээри аныкталды. Буга чейин жүргүзүлгөн ченөө боюнча көлдүн терең точкасы 702 метрге барабар деп эсептелинип келген. Жергиликтүү карыялардын айтымында убагында Ысыккөлдүн толкуну Пржевальскинин эстелигине чарпылып турчу экен. Кийин көл тартылып отуруп, азыркы абалына жеткен.

Бу күнү, 1066-жылы Вильгельм Баскынчы баштаган нормандар Англияга каптап кирип, 1618-жылы Брюсселде биринчи ломбард ачылып, 1925-жылы СССРде милиция туурасында Жобо кабыл алынып, б. з. ч. 551-жылы кытай ойчулу Конфуций, 1573-жылы италиялык художник Микеланджело, 1698-жылы француз математиги Пьер де Моперюи, 1852-жылы француз химиги, Нобель сыйлыгынынын лауреаты, фторду тапкан Анри Муассан жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG