Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 05:27

АКШ КОНГРЕССИНДЕ БОРБОР АЗИЯ ЖУМУРИЯТТАРЫ ҮЧҮН ШАНХАЙ УЮМУНУН МААНИСИ ТАЛКУУЛАНДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Жакында АКШ Конгрессинин Хельсинки комиссиясында Шанхай кызматташуу уюмунун абалы жана анын өнүгүүсү Борбор Азия жумурияттарынын кызыкчылыгы менен АКШнын саясатына канчалык төп келет деген маселе талкууланды.

АКШ Конгрессинин Хельсинки комиссиясы деп аталган Европадагы коопсуздук жана кызматташуу маселелери боюнча комиссиянын ал жыйыны Вашингтон шаарында 26-сентябрда болуп өттү. Комиссиянын тең-төрагалары - сенатор Сэм Браунбек жана конгрессмен Кристофер Смит. Талкууга болсо мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучер менен Карнеги фондунун эксперти Марта Брил Олкот катышты.

Америкалык башка бир белгилүү уюм - "Мурас" фондунун эксперти Ариэл Коэн 21-сентябрда макала жарыялап, Шанхай кызматташуу уюмун экинчи Варшава пакты менен салыштырган жана уюм АКШ кызыкчылыктарына эң чоң коркунуч түзгөн бирикме деп жазган. Ошондуктан Хельсинки комиссиясындагы талкуу ушул маселенин айланасында болду.

Анткен менен жыйынга чакырылган эксперттер Ариэл Коэндин пикирин колдогон жок. Ричард Баучердин айтымында, Борбор Азия жумурияттары үчүн канчалык көп мүмкүнчүлүк ачылса, ошончолук алардын эгемендүүлүгү бекемдейт, Шанхай уюму болсо ошондой мүмкүнчүлүктөрдүн бири:

"Биз, Америка кошмо штаттары, регион жана дүйнөнүн башка аймактары ортосунда көптөгөн байланыш түзүлгөнүн колдойбуз. Эч бир мамлекет өзү менен өзү жалгыз калбаш керек. Канчалык көп мүмкүнчүлүк болсо, эгемендүүлүк үчүн ошончолук жакшы. Борбор Азиядагы биздин максатыбыз ушунда жатат. Биз - ар бир мамлекет менен өзүнчө да кызматташып, эл аралык уюмдар аркылуу да ошол максатка жетүүгө аракеттенебиз", - деди Баучер.

Талкуу учурунда сенатор Браунбек - Шанхай уюму өзү уюм катары чын эле АКШ кызыкчылыктарына каршы эмеспи деген маселе койду жана Марта Брил Олкот ал тууралуу минтип айтты: "Шанхай кызматташуу уюмунун бар болгону АКШ кызыкчылыгы үчүн чындап эле иштебейт, бирок алардан курулай шек санап да кереги жок. Демократиялык эмес мамлекеттердин уюму деп аларды сынга алса болот, бирок, менин пикиримде, алар демократияга каршы болуу үчүн бириккен жок, алар коопсуздук маселери боюнча биригип жатат", - деди Олкот.

Андан тышкары, Шанхай уюмунун өзүндө, мисал үчүн Кытай менен Орусия ортосунда бир топ карама-каршылыктар бар. Олкот айымдын пикиринде, Борбор Азия жумурияттары бул уюм аркылуу Маскөөгө каршы пикир айтууга да мүмкүнчүлүк алууда, Кытай менен болсо алар эч качан бирикпейт. "Казак менен кыргыздар - алардын түпкү максаты Кытайдыкы менен төп келбей турганын жакшы түшүнөт. Бээжин дагы азырынча Борбор Азияда жоопкерчиликтүү аракеттенип жатат. Кытай үчүн - Орусиянын таасирин азайтуу жана региондогу мамлекеттерди таптакыр европалык кылып жибербөө маселеси орчундуу", - дейт Олкот айым.

XS
SM
MD
LG