Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:34

АКШ, ООГАНСТАН ЖАНА ПАКИСТАН ПРЕЗИДЕНТТЕРИ ООР АБАЛДА ЖОЛУГУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 27-сентябрда Вашингтон шаарында АКШ, Ооганстан жана Пакистандын президенттери Жорж Буш, Хамид Карзай жана Первез Мушарраф жолукту.

Жолугушуу учурунда негизинен террорчулукка каршы күрөштүн өзгөчөлүктөрү жана Ооганстан менен Пакистандагы абал талкууланды. Чогуу тамак ичүү учурунда өткөн жолугушуу өзү болсо оор абалда болуп өттү, анткени буга чейин Ооганстан менен Пакистандын жетекчилери - террорчулукка каршы күрөштө жетиштүү аракет көрбөй жатат деп бир-бирин күнөөлөп келген. Ошондуктан үч жетекчинин Вашингтондо жолукканын айрым байкоочулар - Хамид Карзай менен Первез Мушаррафты америкалык президент элдештирүүдө деген маанайда чечмелеп жатат.

"Биздин алдыбызда азыр абдан көп маселе турат. Биз ар бирибиз өз мамлекеттерибизди коргош керекпиз, ошол эле учурда биз дүйнөдөгү тынчтык тууралуу да ойлонуп, дүйнөнү коопсуз кылуу үчүн бардык аракет көрүүгө тийишпиз. Ошондуктан бүгүнкү тамак ичүү - бири-бирибиздин саясатыбызды бирдиктүү нукка келтирүү үчүн ачылган мүмкүнчүлүк, биз кызматташуу жөнүндө жана дүйнө элине коопсуз келечек түзүү маселелерин талкуулап жатабыз", - деди америкалык президент жолугушуу алдында.

Акыркы мезгилде Ооганстан менен Пакистан ортосунда гана эмес, АКШ менен Пакистан ортосунда дагы чыңалуулар пайда болду. Айрым Батыш саясатчылары Пакистанды мурда - эл аралык террорчуларга каршы жетиштүү чара көрбөй жатат деп күнөөлөп келген. Талибан кыймылынын жетекчилери жана дүйнөдө биринчи террорчу болуп эсептелген Усама бин Ладен Пакистандын аймагында жашынууда деген маалыматтар бар.

Акыркы күндөрдө болсо кээ бир АКШ саясатчылары - эгер бин Ладенди Пакистан таап-кармабаса, өлкөгө америкалык аскерлер жиберилиши мүмкүн деп билдирген жана президент Мушарраф - бин Ладен кайда экенин кимде ким билсе, ал тууралуу бизге маалымат бергиле деп кескин жооп берген.

25-сентябрда болсо Мушаррафтын эскерүүлөр китеби жарыяланды жана анда АКШ жетекчилиги тууралуу мурда белгисиз болгон маалыматар бар. Мисал үчүн, Мушаррафтын китепте жазган пикирине караганда, америкалыктар Иракка каршы согуш баштагандыктан дүйнөдөгү коопсуздук начарларды. Ал тууралуу акыркы күндөрдө АКШнын өзүнүн маалымат каражаттары да көп жазууда жана алар - америкалык чалгындоо кызматы даярдаган докладка шилтеме жасап жатат. Президент Буш болсо андай пикирди сынга алып, Иракка каршы согушту биз туура баштаганбыз деп кайталап келет.

Мушаррафтын китебинде башка да бир топ кызыктуу маалыматтар бар. Мисал үчүн, анын айтымында, 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы ири террор аракеттери көрүлгөндөн кийин америкалык жетекчилер Пакистанга кайрылып, эгер ал террорчулукка каршы түзүлүп жаткан дүйнөлүк коалицияга кошулбаса, Пакистандын аймагын АКШ бомбалайт деп коркуткан. Андан тышкары, террорчулуктан шектелип Пакистандын аймагында кармалгандарды алып кетүү үчүн Вашингтон Исламабадка акча төлөгөн, бардыгы болуп Пакистанда 369 андай адам кармалып кеткен.

XS
SM
MD
LG