Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

ЕВРОСОЮЗ ТҮРКИЯНЫН АРМЯН ГЕНОЦИДИН ТААНЫШЫН ШАРТ КЫЛБАЙТ


Eвропа парламенти Түркияны армяндардын массалык кыргынын "геноцид" деп таанууга чакырды. Ошол эле мезгилде парламент бул кырдаалды Евробиримдикке мүчө болуп кирүүнүн шарттарынан алып салууга добуш берди.

Ошентип, Европа парламенти Түркия боюнча докладынын текстин жумшартып, Евробиримдикке кириши үчүн өлкө 20-кылымдын башында армяндардын кырылышы геноцид болгонун таанышы керек деген шартты алып салды. Ошого карабастан, докладдын автору, голландиялык депутат Камиел Ерлиңз Түркия баары бир өткөн тарыхында тийешелүү баа бериши керек деп айтты: "Расмий, формалдуу жагынан алганда, армян геноцидин таануу мүчөлүктүн шарты эмес, бул чын, бирок Евросоюзга кире турган өлкө өзүнүн өткөн тарыхын тактап алышы зарыл. Ошондуктан, бизди туура эмес түшүнүп албагыла, биз чынында да Түркияны Армения менен бирге орток тарыхын такташып алууга чакырабыз".

Европа парламенти мурда резолюцияларында да Түркияны армян геноцидин моюнга алууга чакырып келген эле.

Түркияга талаптын өзгөрүшү Европарламентте 26-сентбярдагы кызуу-талаштардан кийин мүмкүн болду. Түркиянын жактоочулары берки тарапты армян маселесин бетке кармап, Түркиянын Евросоюзга киришине бут тосуп жатат деп айыпташты.

Түркиянын Евросоюз менен мүчөлүк сүйлөшүүсү ушул жылдын этегинде башталууга тийиш. Андан кийин Европарламент Түркияны кабыл алууга расмий макулдугун бериши керек. Европарламенттеги дебаттар Түркия маанилүү саясий реформаларды артка тартып жатат деген тынчсызданууларды чагылдырат. Евросоюзду айрыкча беймаза кылганы Түркиянын кылмыш кодексинде "түрк улутуна шек келтирүү" кылмыш деп айтылган 301-берене сакталып кала берүүдө. Жакында эле Түркиянын теги армян атуулу айрым европалык мамлекеттер армяндардын кыргынын "геноцид" деп тааныгандыгы тууралуу ачык сөз кылганы үчүн түрмөгө салынган.

Ерлиңз бул берене сөз эркиндигине кайчы келээрин мындайча белгиледи: "301-берене Адам укуктары боюна европалык конвенция менен шайкеш келбейт. Бул берене өтө эле бүдөмүк жазылган, демек ал Түркиянын заманбап эркин өлкө болушун каалабаган сотторго жана прокурорлорго өз пикирин тынчтык жол менен билдирген адамдарды сот жообуна тартышына шарт түзөт."

XS
SM
MD
LG