Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

“ПИРАМИДАГА” КЫЯНАТ КЫЛМЫШТЫ КИМ ЖАСАДЫ?


Бейшембиге караган түнү белгисиз төрт адам «Пирамида» телерадиокомпаниясынын телемунарасына жаңыдан коюлган жабдыктарды өрттөп жиберишкен. Аталган телекомпания мындан 40 күн мурда бул жердеги жабдыктарын уурдатып жиберип, обого чыкпай калган эле. Кечээ жаңы жабдыктар коюлуп, кечки саат бештерде обого чыга баштаган. Телекомпаниянын кызматкерлери жана айрым байкоочулар бул окуя саясий өнүттө жасалганын айтышууда.



Окуя Бишкектин чеке белиндеги Көкжар айылына жакын жердеги телемунарада түнкү саат үчтөр чамасында болгон. Телекомпаниянын шеф-редактору Турат Бектеновдун айтымында ал жерде видеоинженер Виктор Сыщнов менен кароолчу Файниса Шайхутдинова гана бар экен: «Мен угаар замат эле дароо жетип бардым. Кызматкерлердин айтымында, алгач белгисиз бир адам келип, өзүн кылмыш иликтөө бөлүмүнөн экенин айтып, эшикти ачууну өтүнгөн. Эшик ачылган соң артынан бетин чүмбөттөгөн үчөө кирип келишип, кароолчу аялды сен бул жерге отур деген да, Викторду сабап, кыймылдаса өлтүрөөрүн эскертишкен. Анан бирөөсү теле жана радио берүүлөрдү алып берүүчү жабдыктарды көргөзгөн соң, өрттөп жиберишкен. Ал жерде бизден башка да уюлдук компаниялардын жабдыктары бар эле, аларга тийбей, атайын «Пирамиданыкын» тандашкан. Алар артында таасирдүү кишиси бардай ишенимдүү жасаган бул иштерди.»

Турат Бектенов ошондой бул аталган телекомпанияга каршы жасалып жаткан иштердин уландысы экенин, анын саясий өнүттө гана жасалганын белгилейт.

Окуянын атайын уюштурулганын белгилеген телекомпаниянын президенти Адылбек Бийназаров жамаат президенттин администрациясына жана өкмөт башчыга кайрылуу жолдогонун, алардан оң жыйынтык болооруна үмүт артаарын айтат: «Муну жөн эле бейбаштык деп айтууга болбойт. Атайын уюштурулганы көрүнүп эле турат. Мен түшүнбөйм, ушундай иштер кимдир-бирөөгө керек болуп атат окшойт. Биз эч качан оппозициялык маанайда болгон эмеспиз.Эки жагын тең бирдей берип, калыс позицияны тутунуп келгенибиз маалым. Президент да, премьер-министр да убагында запкы көргөн кишилер. Алар биздин абалыбызды түшүнүп, кайрылуубуздан оң жыйынтык болооруна үмүт артабыз».



«Пирамида» телерадиокомпаниясынын президенти Адылбек Бийназаров.


Айрым байкоочулар да бул окуянын артында көз карандысыз телекомпанияны бийликке каратууну көздөгөн күчтөр тураарын боолголошуда. Маселен Жогорку Кенештин депутаты Мелис Эшимканов муну саясий күрөштүн алкагындагы окуя катары баалайт: « Акыркы бир жылдан бери бул телекомпанияны талашка, Акаевдин үй-бүлөсүнөн Бакиевдин үй-бүлөсүнө өткөнү тууралуу ар кандай маалыматтар жүргөнүнө байланыштуу мен бул окуяны жөн эле ортодон чыга калган каракчылар жасаган жок, бул саясий күрөштүн алкагындагы окуя деп эсептейм».

«Пирамида» боюнча буга чейинки чатакты изилдеген парламенттик комиссиянын башчысы Кубат Байболов да мындай божомолдорду четке какпайт: «Эми ошого негиз болуп атпайбы. «Да-ат» дегенде эле билдим дегендей, кыздын сыры төркүнгө маалым да. Эми өйдө-төмөн деп айтыш кыйын, коомчулукта изилдөөгө мүмкүнчүлүгүбүз жок болгондуктан, ушинтип божомолдун гана тузагында калып калып атпайбызбы».

Телекомпания жамаатынын кайрылуусунан сон премьер-министр Феликс Кулов телемунарага кол салгандарды издеп табууну жана куралдуу күзөт коюуу боюнча ички иштер министри Мурат Суталиновго тапшырма бергенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Ички иштер министрлигин басма сөз кызматынын башчысы Нурдин Жангараев окуяны иликтөө тобу түзүлгөнүн билдирди.

Ошентип бул окуядан соң «Пирамида» радиосу да обого чыкпай калды. Телерадиокомпания берүүлөрүн кайра качан көрсөтүп жана уктура баштаары азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG