Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

МОСКВА ГРУЗИЯДАГЫ ЭЛЧИСИН ЧАКЫРТЫП АЛДЫ


Россия Грузиядагы элчисин чакыртып алып, дипломаттардын үй-бүлөлөрүн өлкөдөн чыгарып кете баштады. Орус тышкы иштер министрлиги ошондой эле өз атуулдарына Грузияга баруудан карманууну сунуш кылат. Бул чаралар Грузиядагы россиялык төрт аскер тыңчылык үчүн айыпталып кармалгандан кийин көрүлүп жатат. Окуя тараптардын буга чейин эле жеңил эмес болгон мамилелерин ого бетер курчутту.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул инцидент грузин бийлигинин Россияга каршы багытталган саясатын бышыктайт деп билдирди:

- Муну антироссиячыл саясаттын бир көрүнүшү катары гана бааласа болот. Биздин атуулдарыбызды койо берүүнү талап кылдык. Ал үчүн бар аракетибизди жумшайбыз.

Министр ошондой эле Грузиянын НАТО менен жакындашуусун сындап, кризиске Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши кийлигишиши керек деп белгиледи.

Ал эми Россиянын коргоо министри Сергей Иванов Грузияны орус аскерлерин чыгаруу боюнча жетишилген келишимди бузуп жатат деп айыптады.

Грузияда советтер доорунан бери эки россиялык аскерий база калган.

- Мунун бардыгы биздин бейпилдик күчтөрүбүздү өлкөдөн сүрүп чыгыш үчүн, алардын макамын мыйзамсыз деп жарыялаш үчүн жасалууда. Бейпилдик күчтөрү жөнүндөгү макулдашуу жана россиялык базаларды чыгарып кетүүнүн тартиби каралган келишимдер одоно бузулууда.

Орус маалымат каражаттары кабарлаганына караганда, министр Москва тийиштүү жооп кайтарат деп, офицерлердин камакка алынышын улуту боюнча грузин Сталиндин маалындагы репрессиялар менен салыштыра кетти.

Шаршембиде Грузиянын ички иштер министри Вано Мерабишвили орус аскерий чалгындоо кызматынын төрт мүчөсү, андан тышкары он киши тыңчылык үчүн шектелип кармалганын билдирген эле:

- Аларды Грузиянын коргоону тармагы, НАТОго интеграция маселеси, келечек пландар, Грузиянын энергетикалык коопсуздугу, оппозициядагы партиялар менен бейөкмөт уюмдар, коргоо министрлигинин атайын бөлүктөрү, офицерлер жана курал-жарактар, деңиз порттору, темир жол байланышы, унаа системасынын кубаттуулугу жана жаңжалдар аймагындагы аскерий кошуундар кызыктырып келген.

Бүгүн (бейшембиде) грузин парламентинин коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагсы Гиви Таргамадзе “Азаттыктын” кабарчысына буларды билдирди:

- Орус тарап улам улам офицерлердин бошотулушун талап кылуунун ордуна, жакшы, тажрыйбалуу адвокат табышы керек, себеби айыптоолор өтө олуттуу жана негиздүү.

Аскерлер камакка алынган күнү эле Грузиянын Москвадагы элчиси Ираклий Чубинишвили тышкы иштер министрлигине чакыртылган. Элчинин айтымында, орус тарап офицерлердин кечиктирилгис түрдө койо берилишин талап кылды.

Маалымат агенттиктери болсо Россиянын Тбилисидеги элчилиги грузин атуулдарына виза берүүнү убактылуу токтотуп койду деп кабарлашууда.

Бейшемби күнү кечинде болсо Россия Грузиядагы элчисин чакыртып алып, дипломаттардын үй-бүлөлөрүн өлкөдөн эвакуациялоо иштерин баштады. Москва муну “алардын коопсуздугуна коркунуч туулуп жатат” деп түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG