Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

«СҮT» ТАСМАСЫ «КИНОШОК» ФЕСТИВАЛЫНЫН АТАЙЫН БАЙГЕСИН АЛДЫ


17-26-сентябрда КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн он бешинчи мааракелик «Киношок» кинофестивалы өтүп, ага Кыргызстандан кинорежиссер Тынай Ибрагимов «Сүт» аттуу кыска метраждуу тасмасы менен катышып, атайын байгеге ээ болуп кайтты.

Аталган фестивалда Оруссия, Өзбекстан, Казакстан, Ураина, Эстония, Армения жана башка мамлекеттерден тасмалар көрүүчүлөрдүн сынына коюлган. Ал эми калыстар тобунун курамын Италия, Франция, Португалия, Швеция жана Грециядан келген киноишмерлер түздү. Мына ошол калыстар тобу жыйырмадан ашык тасманын ичинен Тынай Ибрагимовдун “Сүт” аттуу тасмасын атайын байгеге татыктуу деп табышкан. Бул фильмде ата-энеси соода кылабыз деп чет мамлекетке кетип, чоң энеси менен калып, аны багуу үчүн сүт саткан өспүрүм баланын тагдыры чагылдырылган.

Киноишмер, “Кыргызфильм” киностудиясынын башкы редактору Талип Ибраимов аталган тасмага мындайча бааасын берет:

-Бул фильмде кандай турмуш оор болбосун, баары бир адамдын жүрөктөрүнө, рухуна кубаныч керек, ансыз жашоо кыйын деген ой терең келтирилген. Аны режиссер жөнөкөй формада айтпай, кичинекей бир окуя аркылуу чагылдырган. Андыктан фестивалда атайын байге элдин жүрөгүндөгү үмүттү өчүрбөгөндүгү үчүн деп берилген.

Тынай Ибрагимовдун айтымында айрым көрүүчүлөр бул фильмди көздөрүнө жаш алуу менен көрүшкөн.

-Бул тасма поэтикалык мүнөздөгү бир фильм болуп калыптыр да. Музыкасы да жүрөөккө тийе тургандай жакшы жазылгандыктан кээ бир аялдар, көрүүчүлөр көздөрүнө жаш алып, кино бүткөндөн кийин келип куттукташты. Ал эми калыстар тобу көрүүчүлөрдүн жүрөгүнө тийген фильм болду деп айтып, анан байгени ыйгарышты.

“Башка мамлекеттер бул фестивалга бир нече фильмдери менен катышып, эч бир сыйлыкка татыган жок. Ал эми биз бир эле фильм атайын байгени жеңип алдык, бул биз үчүн сыймыктана турган нерсе”- дейт Тынай Ибрагимов.

“Киношок” фестивалында мыкты деп табылган фильмдер дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде көрсөтүлөт, анын арасына калыстар тобу Тынай Ибрагимовдун “Сүт” аттуу кыска метраждуу тасмасын да кошкон. Болжол менен 200миң сомду талап кылган бул тасма фестивалга биринчи жолу эле катышып, байгеге татыктуу болду, эми ушул эле тасмасы Тынай Ибрагимов октябрь айында Санкт-Петербургга жөнөгөнү турат. Мындан сырткары бул тасма Ереванда өтүүчү “Алтын апельсин” эл аралык кинофестивалына, ошондой эле Беларуссиянын “Листопад” фестивалына чакыруу алган.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG