Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

ТУРАТ БЕКТЕНОВ: “ПИРАМИДАГА” КОЛ САЛУУ БОЮНЧА ШЕК БИЙЛИККЕ ТҮШҮП ЖАТАТ”


«Пирамида» телерадиокомпаниясынын мүлкүн кыйратуу фактысынын артында кимдер турушу мүмкүн? Ал окуянын иликтөө кандай жүрүүдө? Бул суроолор боюнча “Азаттыктын” суроолоруна “Пирамида” телерадиокомпаниясынын редактору Турат Бектенов жооп берди.

- Пирамида жамаатына кечээги кол салуу окуясынан кийин Акүйгө жолдогон кайрылууларынан кийин ал тараптан кандайдыр бир реакция болдубу? Мисалы, өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады премьер- министр «Пирамидага” күзөт коюну ички иштер министрлигине тапшырма берди деп?

- Туура. Биз алгачкылардан болуп өлкөнүн премьер-министри Феликс Шаршенбаевич Куловго кайрылган элек. Ал киши тынчсыздангандыгын билдирип, бул ишти министр Мурат Суталиновго көзөмөлгө алууга тапшырма берген. Бул жөнүндө бизге өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Андан соң дароо эле министрдин жардамчысы чалып, ишти тергеп жаткан Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырма берип, бул ишти так, туура иликтөөгө өзүнүн буйругун бергендигин кабарлады.

- Силердин имараттарга күзөт коюлдубу?

- Кечээ кечке чейин күзөт коюлган эмес болчу. Биз бул жөнүндө катта так өтүнгөнбүз. Биздин тоодогу телемунарага жана ошондой эле биздин Жантөшов көчөсүндө жайгашкан кеңсебизге дагы атайын милициялык кароол коюп берүүсүн өтүнгөнбүз.

- Ал эми Ички иштер министрлигинен, Аламүдүн райондук ички иштер кызматынын өкүлдөр келип, кол салгандардын өң-түзүн сурап, кылмыш кандай жасалганына кызыгып көрүштүбү?

- Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү телемунарага кол салуу болгон убактан баштап иштешти. Бир аздан кийин алардын дайыны жок болуп кеткен. Премьер- министрдин берген тапшырмасынан кийин алар кайра келип ишин кечке чейин улантты. Мындан тышкары айта кетүүчү керек, биздин телемунарага байланышкан чуулгандуу окуяны угары менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Молдомуса Конгантиев өзү дагы тынчсыздануусун билдирип, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырма берип, кол салган кылмышкердин бирин аныктоо боюнча атайын фоторобот түзүүгө өзүнүн көмөгүн көрсөттү.

- Ал эми силердин сабалган кызматкериңер ооруканага жаттыбы?

- Жок, ал ооруканага жатуудан баш тарткан, азыр үйдө дарыланууда.

- Бул окуяны "Пирамиданын" жамааты, саясатчылар, жарандык коом өкүлдөрү саясий мүнөзү бар окуя катары баалоодо. "Пирамиданын" айланасында менчик укугуна байланышкан талаш-тартыштар да жүрүп келбедиби. Редактор катары сизге белгилүүбү, телеканалда менчик кандай бөлүнүүдө? Балким менчик тартып алуу иретинде жасалып жаткан иштир?

- Мен чыгармачылык жагын гана тескейм. Ошондуктан биздин телекомпаниянын менчиги кимге кандай бөлүштүрүлүп жатканы боюнча менин кабарым жок. Анткени «Пирамиданын” ээликтерин кимге канча тиешелүү экенин “Пирамиданын” ээлери чечишет. Бирок ушул убака чейин “Пирамида” телекомпаниясынын жетекчилиги өткөндөгү кол салуулар боюнча өздөрүнүн так оюн жана кимден көрүп жаткандыгын айтпай келген. Кечээ күнү гана булар өздөрүнүн оюн айта баштады. Биздин жетекчиликтин айтымына караганда, бүгүнкү бийликте отурган бийлик өкүлдөрүнөн шек санап жатышат.

- Телеканал качан обого чыгаары азырынча белгисиз бойдон калуудабы?

- Телеканалдын обого качан чыгаарын айтыш кыйын болуп атат. Анткени бизге кол салуу өткөн жылдын декабрь айынан башталды эле. Андан бери жай айынын ичинде үч жолу кол салууга дуушар болдук. Биздин жетекчилик жана жаамат өлкөдөгү кырдаалдын акыркы учурда курч болуп жаткандыгына байланыштуу ар түрдүү саясий акцияларга баруудан баш тартып келген. Бирок бүгүнкү күндөгү биздин кызматкерди сабап, күч колдонуп өлтүрүп койгонго чейин баргандыгы бул өтө чоң коопсуздукту пайда кылды. Мындан ары ар түрдүү саясий акциялар болушу мүмкүн.
XS
SM
MD
LG