Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 12:24

ЖЫПАР ЖЕКШЕЕВ : ПРЕЗИДЕНТ САЯСИЙ КРИЗИС ЖӨНҮНДӨ СӨЗДӨН КАЧЫП КОЙДУ


Президент Курманбек Бакиевдин элге жасаган кайрылуусунда козголгон маселелер жөнүндө “Кыргызстан демократиялык кыймылы” партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев “Азаттыкка” ой бөлүштү.

- Президенттин кайрылуусун сиз да уктуңуз. Кандай таасирде калдыңыз?

- Биринчиден, азыркы биздин саясий-экономикалык кырдаалга карата сын-пикирлер айтылып, өзүбүздүн болуп аткан кемчиликтерди белгилеп кетсе жакшы болмок, эл да туура кабыл алмак. Бирок андай болбостон бир аз оптимисттик тондо, бизде баары жакшы, өзүнүн жолуна түштү, барын тең иреттеп алдык, бардыгы ойдогудай болду, биринчи этапты бүтүрдүк дегени, менин оюмча, кичине аша чаап кеткендик болду. Реалдуу көз караш менен карай турган болсок, андай деңгээлге жетишке али эрте болуш керек. Азыр кырдаалды иретине келтире албай чоң түйшүктө иштеп атышат, өзүлөрү деле көрүп турат. Экинчиден, президент экономикалык, социалдык блокторго көбүрөк акцент койду. Бул жагынан саясий кырдаалды, коомдук процесстерди, бизде азыр болуп аткан саясий кризисти, толук камдуу кризис деп айтпасак дагы, болуп аткан чатактар жөнүндө өзүнүн оюн ачык айтып, билдирип койсо болмок кайрылууда. Көпчүлүк журтубуз президенттин сөзүндө ушуну күттү болуш керек. Бул жөнүндө ал киши эч кандай айткан жок.

Ошондой эле оппозициянын ордун да белгилеш керек болчу. Оппозиция жөнүндө мыйзамды кабыл алып, аларга урмат-сый кылып, аларды чымчып өтпөстөн, какшыктабастан, кайрылууда сөзсүз түрдө аларга цивилизациялуу мамлекеттердегидей мамиле кылууну жолго салышыбыз керек деген басымдуу билдирүүсүн жасап койгондо жакшы болмок.

Бирок, тышкы саясат боюнча, Курманбек Салиевичтин кайрылуусунда жаңы белгилерди байкадым. Жаңы концепциянын өзөгүн түзө турган ойлорун айткандай болду. Себеби 15 жылдан бери бизге ар кандай эрежелерди айтып, ар кандай кеңештерди берип, эл аралык финансы институттардын өкүлдөрү келип, "реформаны мындай кылгыла, биз силерге ири суммадагы акчаны кредитке берели деп атып", чындыгында биздин реформанын ашмалтайын чыгарышкан. Бизге акыл үйрөткөндү токтоткула, биз өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды, эң приоритеттүү улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга коебуз дагы, эң негизги максатыбыз Россия, Казакстан сыяктуу коңшу мамлекеттер менен мамилени оңдошубуз керек дегени мага жакты.

- Президенттин улуттук стратегия даярдала элек, ушул улуттук стратегияны жана тышкы саясаттын концепциясынын талкуулап, Жогорку Кеңеште кабыл алалы дегени жакшы демилге го дейм?

- Менин оюмча бул туура демилге. Ушул күнгө чейин депутат болгондо дагы сындап келбедик беле. Бизде сырткы саясатыбыздын концепциясы, экономикалык өнүгүү концепциябыз жок. Бизде ар бир министрилик өз алдынча саясат жүргүзүп иштеп келишкен, кээ бир учурда бири-бирине карма каршы келип калышчу. Ошонун барын жалпылаштырып, бир багытты тактап алуу жөнүндө сөз болду. Ушул жери конструктивдүү жактары деп ойлойм. Ал эми энергосистеманы биз менчиктештиришибиз керек дегени, албетте бул коомчулуктун арасында аябай чоң талаш-тартышты туудура турган маселе. Анткени биз менчиктештиргендердин барын көрүп келатабыз. Мисалы, бүгүн биз өзүбүздүн элибизге энергетиканы канча баада тарифти көтөрүп салдык. Ал эми коңшу мамлекеттерге сатып аткан баа менен аларды салыштырууга болбойт. Аларга арзан берип атабыз. Өзүбүздүн мамлекет ушул күнгө чейин туура саясат жүргүзө албай келип, анан менчик бирөөнө карматып койгондо эртең он эсе тарифти көтөрүп салбайт деп ким кепилдик бере алат. Менчик деген менчик болот, анын өзүнүн укугу, акысы бар.

XS
SM
MD
LG