Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:31

ЖАЛАЛАБАТ: ЖЕР БАСЫП АЛУУГА БАКИЕВДИН ТУУГАНДАРЫНЫН ТИЕШЕСИ БАРБЫ?


Депутат Кадыржан Батыров парламент трибунасынан өзү менен президенттин инилеринин жана облбийлик ортосундагы мамилесин дамаамат билдирүүдө. Ал Жалалабаттагы жер басып алууга президент Курманбек Бакиевдин туугандарынын тиешеси бар деп бир нече жолу айтып чыккан. Депутат «президенттин инилери бийлик чөйрөсүнө кийлигишет»,- деп да сындаган. Парламент өкүлүнүн мындай айыптоолору негиздүүбү?

Жалалабаттагы жер басып алуулар депутат Кадыржан Батыровдун демилгеси менен өткөн митинг өзбек тилине расмий тилдин укугун талап кылгандан кийин башталган. Бечелова Сурмакан митингге нааразы болуп чала бүткөн үйдү ээлегендердин бири:"Биз Батыровдун айтканына каршы турдук".

Депутатка караштуу «Темир таш» акционердик коомун Үмүт өңдүү батирлерде жашоо көкөйүнө тийген 136 үй-бүлө ээлеп алган.

Шаардык сот өткөн жумада акционердик коомдо жашагандарды чыгаруу чечимин кабыл алып, депутат атасына эстелик койгон «Элдердин Достугу» аттуу Университеттин жамаатынын арызын канааттандырган. Бирок, депутат Батыров парламент трибунасынан менчигин ээлегендерге тымызын көрсөтмө берген деп, президенттин облустагы инилери менен жергиликтүү бийликти сындап жүрөт. Анын айтымында жергиликтүү бийликтин ишине да мамлекет башчынын тууганы аралашат. Жалалабат базарына келчү айланма темир жол салууга Бакиевдин тууганы тоскоол болууда: "Жалалабат базарына келчү айланма темир жолун чыгарып алалы дегем. Азыр президенттин иниси тоскоол болуп атат."

Облустагы үй-жайсыз адамдар депутаттын ишмердүүлүгүнө нааразы болгондугунан жана турмуштун оордугунан жер ээлеген. Бул тууралу алардын башчысы Манас Бектемиров камалганга чейин билдирген. Төрт жыл мурда жасаган ээнбаштыгы үчүн анын иши Өзгөн райсотунда каралууда.

Президенттин тууганы Акмат Бакиев турмушу оор кишилердин жер басып алуу сунушун кезегинде четке каккан. Ал облустагы тынчтык, биримдик үчүн турак-жайсыз адамдардын жоругун колдобой турганын билдирген.

Президенттин инилери жергиликтүү бийликке көрсөтмө берди, кысым көрсөттү деген кеп сөздөр негизсиз деп белгилейт губернатор Искендер Айдаралиев: "Айтылган сөздөр далилдүү болуш керек. Бир дагы президенттин туугандары тарабынан эч кандай кысым болгон жок деп айтып жүрөм. Мен президенттин жарлыгы менен Жалалабат облусунун губернаторумун. Демек, облусту ким башкарат? Губернатор башкарабы, же Акмат Салиевич башкарабы?"
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG