Кеткен аптанын ортосунда Тбилисиде тыңчылык кылды деген шектенүү кине менен орусиялык төрт офицер жана ондон ашуун грузиялык жарандар кармалган. Бул, үстүдө жылдын январь айынын этегинде орусиялык атайын кызматкерлердин тыңчылык кылышты деп британиялык төрт дипломатты кармаганга окшоп турат. Бирок ал жолу эки мамлекет ортосунда кер-мур айтышуу мынчага барган эмес. Бул жолу болсо жаңжал өөрчүгөндөн өөрчүүдө дешет.
Кызык жери саясий төбөлдөр оозундагы кепте тыңчылык бул жакта калып эле Түштүк Осетия менен Абхазия маселеси болууда. Орусиялык коргоо министри Сергей Ивановдун пикири ошолордун бири болду:
«Грузиялык жетекчинин аракетинде Түштүк Осетия менен Абхазия маселесин көзкөрүнөө согуштук жол менен чечүнү каалап атат деп эсептеймин», - дейт Орусиянын коргоо министри.
Жерибиздин бир бүтүндүгүн коргоп атабыз деген грузиялык саясий төбөлдөр болсо турулуу жообун кайталап атышат.
Грузиянын президенти Михаил Саакашвили жума күнү журналисттер алдында айткан ой бүтүмүндө анын өлкөсү тыңчыларды кармап атса ага эмне үчүн Орусия ачууланат деген суроо коет:
«Биз жасаган аракет өз мыйзамыбыздын негизинде жана эл аралык укук алкагында жасалып атат. Эгемендүүлүккө жеткен Грузиянын мындай иштин (тыңчылыктын – ММ) улам кайталана беришин эч каалабайт. Бул иш Грузияда абдан күчөп кеткендиктен анын тамырын жулуп салуу үчүн атайын жасалды. Биз аны аткарууда эл аралык ишкердүүлүккө дал келер аракет жасашка муктаж болдук», - деген Грузиянын лидери.
Кечээ Орусиянын президенти Владимир Путин болсо орусиялык аскер кызматкерлерин кармоодо грузиялык бийликтин аракети «Лаврентий Павлович Бериянын саясатын тууроо болду», – деди.
«Азаттыктын» Сочидеги кабарчысы билдиргенге караганда орусиялык лидер түштүк региондогу жетекчилерди кабыл алып атып, таанылбаган жумуриятар Абхазия менен Түштүк Осетия президенттери менен да жолугушкан.
Анализчилер муну Грузия менен Орусиянын алакасы мурдагысынан катуу курчуйт деп жорушууда.
АКШнын ырасмий өкүлү Шон МакКормак билдиргенге караганда бул жерде бири бирине көз карандысыз эки мамлекет туурасында кеп болуп атат: "Аларды ортодо пайда болгон чырды кошуналарга ылайык жол менен чечүүгө чакырабыз», - деди Шон Маккормак.
Муса Мураталиев, Маскөө калаасы