Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

ИНДИЯ ТЕРРОРДУК ЧАБУУЛ УЮШТУРГАН ДЕП ПАКИСТАНДЫ АЙЫПТООДО


Чолпон Орозобекова, Прага Индия Бомбейде жакында болгон террордук чабуулга Пакистандын атайын кызматтарынын тиешеси бар деп эсептейт. Индия бийлиги бул тууралуу далилдерди даярдап, Исламабаддан чараларды көрүүнү талап кылууда.

Бомбейде 11- июлда болгон террордук чабуулда 186 адам набыт кетип, 800дөн ашык адам жарадар болгон. Пакистан атайын кызматтарына карата мындай айыптоолор буга чейин да оозеки айтылып, бирок Пакистан аны кескин түрдө четке каккан. Эми болсо Индия буга далилдерибиз бар деп ырастап атат.

Индиянын тышкы иштер министри Шиф Шанкар Менон бул чабуулдун артында Пакистандын атайын кызматтары жана Пакистанда жайгашкан “Лашкар а Тайиба” деп аталган исламчыл согушчан топ турат деген пикирин билдирди.

Бомбей полициясынын өкүлү Рой мындай деп билдирди:

-Бул чабуул Пакистандын атайын кызматы тарабынан пландаштырылган. Лашкер а тайиба кыймылы менен Индиянын исламчыл студенттер кыймылы аны ишке ашырууга жардам берген. Чабуулга март айында даярдана башташкан-, деди Бомбей полициясынын өкүлү. Анын айтымында, полициянын колунда жардыргыч заттар дагы Пакистандан алынып келгендигине далилдер бар.

Индиянын мындай айыптоолоруна Пакистан бийлиги да дароо өз жообун билдирди. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Тасним Аслам негизсиз деп мындай айыптоолорду четке какты:

-Бул билдирүү негизсиз жана жоопкерчиликсиз айыптоолордон гана турат. Террордук чабуул жасаганга жөндөмдүү Индиянын өзүндөгү айрым элементтерди калкалоону көзөп аткандай сезилет, -деди Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү.

Айрым байкоочулар ушул окуялардан кийин Индия менен Пакистан ортосунда жандана баштаган тынчтык сүйлөшүүлөр токтоп калышы ыктымал деп чочулап атышат. Сентябрда эле Первез Мушарраф менен Индия өкмөт башчысынын жолугушуусунан кийин ортодогу мамиленин оңолушуна үмүт пайда болуп калган эле.

XS
SM
MD
LG