Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

2-ОКТЯБРЬ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1900-жылдын 2-октябрында Пишпек уезддик шайлоо комитети Мөкүш Шабданов менен Турумбек Байтуминди Сарыбагыш волостунун болуштугу үчүн шайлоого болгон талапкердигин каттаган. 1929-жылдын бу күнү санитардык-мектеп врачтары үч смендик окууну жою сунушун көтөрүштү.

1860-жылдын август айында орус аскерлери Пишпек жана Токмок шаарларын кокондуктардан бошоткондон кийин, хандык бийлик бу аймакты кайра каратуу саясатын жүргүзгөн. Орус аскерлеринин Верныйга кайра кайтышына байланыштуу, кокондуктар 10-15 мин чамалуу жоокер топтоп Пишпек менен Токмокту ээлеп алууга жетишкен. 1860-жылдын бу күнү Верныйдагы орус бийлигине, Чүй өрөөнүндө көп сандаган кокондук аскер жыйналды деген кабар түшкөн. Мындан улам Алатоо аскер округунда кокондуктарга сокку уруш үчүн камылга көрүлүп баштаган.

1900-жылдын 2-октябрында Пишпек уезддик шайлоо комитети, Мөкүш Шабданов менен Турумбек Байтуминди Сарыбагыш волостунун болуштук кызматын ээлөө үчүн катышкан талапкердигин каттаган.

1929-жылдын бу күнү санитардык-мектеп врачтары үч смендик окууну жоюу сунушу менен Кыргыз АССР билим берүү элдик комиссариаты жана Фрунзе шаардык Кеңешине кайрылышты. Алардын сунушунда үч смендик окуу жеткинчектердин физиологиялык абалын эске албастан киргизилгендиги айтылып, өспүрүмдөр кеч киргенде чарчап калгандыгы белгиленет. Мындан тышкары, врачтар жаш жеткинчектер арасында аз кандуулук илдетинин күчөгөндүгүнө кабатырланышкан.

1964-жылдын 2-октябрында Кыргыз токой станциясынын директору Петр Ган Ысыккөлдүн жээгин жашылдандыруу сунушун көтөрүп чыкты. Көл жээгине бак отургузуп, көлдү гүлзарга айландыруу идеясы СССР компартиясынын секретары Никита Хрущевдун Кыргызстанга келип, Ысыккөлдү кыдыруу маалында айтылган. Бирок октябрь айынын орто ченинде Н. Хрущевдун кызматтан алынышы менен жакшы саамалык унутулуп, эбегейсиз долбоор дароо сандык түбүнө салынган.

2003-жылдын бу күнү АКШдагы «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрү Ньюйорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун маңдайында пикетке чыгышты. Пикет президент Аскар Акаевдин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында жасала турган билдирүүсүнө байланыштуу уюштурулуп, «арнамысчылар» Кыргызстандагы укук бузууларга коомчулуктун көңүлүн буруп, Ф. Куловдун түрмөдөн бошотулушун талап кылган плакаттар менен чыгышкан.

Бу күнү, 1552-жылы Казан хандыгы Россияга каратылып, 1943-жылы Краснодарда «Молодая гвардия» антифашисттик уюму уюшулуп, 1452-жылы англис королу Ричард III, 1852-жылы англис химиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты, аргон, неон, гелийди ачкан Уильям Рамзай, 1869-жылы индиялык таанымал саясатчы Махатма Ганди, 1910-жылы кыргыз драматургу, котормочу Касымбек Эшмамбетов, 1914-жылы советтик диктор Юрий Левитан, жарык дүйнөгө келген.

Муратбек Кожобеков
XS
SM
MD
LG