Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

БОРИС БЕРЕЗОВСКИЙ БИШКЕККЕ ТЫМЫЗЫН КЕЛИП КЕТКЕНБИ?


Эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын эң бай адамдарынын бири Борис Березовскийдин Кыргызстанга келип, президенттин уулу Максим Бакиевдин сыйын көргөндүгү тууралуу ар кандай уу-дуу кеп коомчулукта айтылууда. Президент Курманбек Бакиев 14-сентябрда парламент депутаттары менен болгон жолугушууда Березовский менен эч убакта жолукпаганын айткан эле. Бирок парламент депутаты Мелис Эшимканов Березовскийди Ысыккөлдөн көргөн күбөлөр бар экенин жума күнү билдирди.

Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн Борис Березовский Кыргызстандын аймагына келбегенин Чек ара кызматынын маалымат кызматынын жетекчиси Чынболот Айтмамбетов билдирди.

Анын айтымында, чегара кызматынын "Манас" аба майданындагы атайын бөлүгү тарабынан Борис Березовский же Еленин деген атуулдар Кыргызстандын аймагына учак менен келишпегендиги такталган. «Келбеген кишини келди деп, коомчулукка уу-дуу салуунун кажети жок»,-дейт Айтмамбетов.

Президент Курманбек Бакиев дагы Березовский Кыргызстанга келбегенин 14-сентябрда парламент депутаттары менен болгон жолугушууда расмий жарыялаган эле:"Б.Березовскийдин буту Бишкекте болгон эмес. Дагы кандай жооп керек? Буга дагы ишенбей койсоңор өзүңөрдүн ыктыярыңар, ишенбей кое бергиле. Дагы кайталап айтам, Березовский менен эч кандай иш болгон эмес."

Бакиев ошондой эле уулу Максим менен Борис Березовскийдин байланышы жок экендигин айткан. Бирок, Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов үстүбүздөгү жылы 29-июлда Ысыккөлдүн жээгинде президенттин уулу менен Борис Березовскийди көргөн күбөлөр бар экендигин жума күнү билдирди.

"Биздин алган маалыматтарыбызга караганда, Березеовскийди Ысыккөлдүн жээгинен көргөндүгүн эки жигит тастыктады. Алар бул маселе боюнча Жогорку Кеңешке келип, ырасмий бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда, телекамералардын алдында парламенттик талкуу болгондо айтып беришет".

Ошондой эле Эшимканов Бишкекке учак менен Англиядан эки адам келгендиги тууралуу учактын командири жазган маалымат бар экендигин белгиледи.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн коалициясынын” башчысынын орун басары Жыргалбек Турдукожоев болсо азыркы бийликтин иш аракеттерине караганда Березовскийдин Кыргызстанга келиши толук ыктымал деген пикирде.

Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев Кыргызстанга Улуу Британиядан келген учактын ичинде кимдер болгондугу жөнүндө маалыматты тактап берүү иретинде Англиянын укук коргоо кызматына, Интерполго депутаттык комиссия кат жолдогунун айтты. Ал ошондой эле Орусиянын Башкы прокурорунун орун басары А.Звягинцев Кыргызстандын башкы прокурору К.Конгантиевге кандай өңүттөгү кат жөнөткөнүн тактоо иретинде Орусияга кайрылышканын белгиледи.

Айрым маалымат кызматтары Орусиянын башкы прокуратурасы өзүлөрүнүн атайын кызматтарынын маалыматына таянып Березовскийдин Бишкекке келгендигин, эл аралык издөөдө жүргөн адамды Орусиянын укук коргоо органдарына Кыргызстан тарап учурунда маалымдабаганын айыптап кат жолдогонун жазып чыгышкан.

"Белый пароход" гезитинин маалыматы боюнча болсо Жерүй алтын кенин иштетүүгө укук алган "Глобал голд" компаниясынын артында Борис Березовский турат.

XS
SM
MD
LG