Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин маалымат катчысы Алишер Токсонбаев мындан эки жыл илгери жоюлуп кеткен “Алтын калем” сыйлыгын калыбына келтирүү боюнча буйрукка губернатор Жантөрө Сатыбалдиев кол койгондугун билдирди. “Алтын калем” сыйлыгы эреже телеоператорлорго, журналисттерге жана эң мыкты редакцияларга тартууланмакчы. Буйрукта журналисттердин “Алтын калем” сыйлыгынын сыйлык корун уюштуруу үчүн Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин казнасынан 75 миң сом кароо жагы бекитилген. “Алтын калем” сыйлыгынын ээлери ушул жылдын 7-ноябрь Басма сөз күнү аныкталмакчы. (KJ)