Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

МАЖАРСТАНДАГЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ШАЙЛОО ӨКМӨТТҮН ОТСТАВКАСЫНА АЛЫП КЕЛИШИ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага 1-октябрда Мажарстанда жергиликтүү шайлоо болуп өттү жана алдын ала чыгарылган жыйынтыктарга караганда, бийликтеги коалиция анда утулду. Будапешт шаарынын борбордук аянты менен көчөлөрүндө өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган митинг-демонстрациялар өтүп жатат.

Будапешт шаарындагы элдик толкундоолор - жергиликтүү шайлоого эки апта калганда, 18-сентябрда башталган. Премьер-министр Ференц Дюрчаны өткөн май айында өзүнүн партиялаштары менен жолукканда, өлкөдөгү оор экономикалык абал жөнүндө өкмөт элге такай калп айтып келгени жөнүндө айткан жана анын жазылып алынган үнү 17-сентябрда үналгы аркылуу угузулган. Опозиция ошол эле күнү каршылык митингин өткөргөн, анын эртеси, 18-сентябрда болсо көчөгө чыккан эл арасындагы экстремисттер Будапешттеги үналгы-сыналгы түйүнүн талкалаган.

Эксперттер дароо - өкмөткө каршы эл арасындагы мындай маанай жергиликтүү шайлоо учурунда бийликтеги коалициянын утулушуна алып келет деп чыккан жана 1-октябрда өткөрүлгөн шайлоодо социалисттердин туруму чындап эле бир топ солгундады.

Шайлоонун расми жыйынтыктары чыгарыла элек, бирок алдын ала алынган маалыматтарга караганда, өлкөнүн 19 шайлоо чөлкөмүнүн он сегизиндеги жергиликтүү кеңештердеги көпчүлүктү жана 23 ири шаардын он жетисинде мэрдик орунду опозиция өкүлдөрү утуп алды.

Оппозициялык ФИДЕС коалициясынын лидери Виктор Орбандын айтымында, шайлоо жыйынтыгы азыркы өкмөттүн келечеги үчүн өтө маанилүү: "Шайлоонун жыйынтыктары эл арасында кандай кабыл алынаарын мен билбейм, ошондуктан күтүш керек. Өлкөдөгү кырдаалдын өнүгүшүнө ал чечүүчү таасир тийгизет", - дейт Орбан.

Анткен менен премьер Дюрчанынын айтымында, өкмөт кызматтан чегинүүнү көздөгөн жок жана келечекке ири пландарды даярдап жатат: "Бул шайлоодо жергиликтүү бийлик жана шаардык башкаруучулуктун келечеги чечилип жатат. Мен болсо өзүмдүн өкмөттүк программамды улантууга өтө кызыкдармын", - деди Дюрчаны 1-октябрда өзү добуш бергенден кийин.

Өкмөттүн пландары боюнча, келерки бир жылда калктын социалдык абалы дагы начарлашы мүмкүн, анткени бир топ орчундуу реформалар даярдалып жатат. Премьердин айтымында, үстүбүздөгү жылы эле өкмөт мамлекеттик бюджеттен жүздөгөн миллиард форинт үнөмдөөгө аргасыз болот жана ошондон кийин гана 2008-жылы экономика тең салмакка келиши мүмкүн. Бирок ага чейин бюджет тарабынан каржыланган ишканаларда эмгектенген 20 миңге чейин адам кызматтан бошотулуп, кыскартылышы мүмкүн.

Шайлоо болгон күнү Будапешттин борбордук аянтына бир нече миң адам чогулуп, өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылды жана оппозиция андай митингдерди дагы уланта турганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG