Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:11

ОШТО ОРУС-КЫРГЫЗ АСКЕРДИК МАШЫГУУЛАРЫ ӨТӨТ


Бүгүн Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Ал 2 млн. долларлык аскердик техникалык жабдууларды Кыргызстандын аскер бөлүктөрүнө тапшырып, Оштогу орус- кыргыз жоокерлеринин биргелешкен машыгуусуна күбө болот.

Орусия менен Кыргызстандын аскердик кызматташуусунун натыйжасында аймактык коопсуздук сакталып, эл аралык терроризмга каршы күрөшүүдө Канттагы орус базасы айбат корсотүп турганын “Азаттыкка” интервью берген эксперттер белгилешти. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында түзүлгөн келишимдерге ылайык Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов кыргыз жергесине эки күндүк расмий сапар менен келип, Кант, Бишкек жана Ош шаарларында болуп, кыргыз армиясынын абалы менен таанышмакчы.

Өлкөнүн коргоо министри Исмаил Исаковдун айтымында, эки тараптын аскердик-техникалык кызматташтыгы тереңдеп, Орусия Канттагы аскердик аба базасынын арендалык акысы үчүн 2 млн. доллардык техникалык жабдууларды тапшырат.

Орусиянын аскердик жогорку окуу жайларында кыргызстандык 250 аскер кызматкери да бекер билим алышууда.

Расмий сапардын алкагында Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Канттагы аскер-аба күчтөр базасында болуп, орусиялык аскер кызматкерлери, алардын үйбүлөө мүчөлөрү менен жолугушуп, алардын жашоо- тиричилиги менен жакындан таанышат. Мындан сырткары Ош облусунда өтө турган терроризмге каршы орус- кыргыз биргелешкен машыгууларына күбө болмокчу. Машыгууда аскердик артыкчылыгын, күжүрмөн даярдыгын көрсөткөн орус- кыргыз кызматкерлерине, аскер бөлүктөрүнө баалуу сыйлыктарды тапшырмакчы.

Ысыккөлдүк Бекен Калдыбаевдин айтымында, учурда Кыргыз жоокерлери аскердик- техникалык жабдууларга муктаж. Мындай жардамды Орусия мамлекетинин берип жатканы жакшы.

Чек арада кызмат өтөп келген бишкектик Жолдошбек Карыбаев аскердик- техникалык жабдууларды мурда чыгарып келген, азыр болсо иштебей турган завод,ишканалардын акцияларын Орусияга бериш керек деген пикирин айтты.

Кыргызстанда Орусия менен АКШнын аскердик базалары жайгашканы жалпыга маалым. “Саясат, дин жана коопсуздук” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Тажикстан Орусиянын аскер базасынын арендалык акысын эбак чечип, теңата макулдашууларга жетишип, тышкы карыздарын жоюп алды. Кыргызстан АШКнын аскер базасынын аренда акысын жогорулатып, орусиялыктарга жеңилдик берип, бирин өйдө, бирин ылдый көргөнү адилеттикке жатпайт. Ошондой эле Канттагы база статуска жооп бербейт. Мындан тышкары аскердик базаны өлкө аймагына жайгаштыруунун шарттары, арендалык акысы, жол-жобосу тууралуу мыйзам кабыл алуунун зарыл деп билдирди, Орозбек Молдалиев.

Ысыката районунун акиминин орун басары Куттубек Тагаевдин айтымында, Кант шаарында жайгашкан Орусиянын аба күчтөр базасы райондун калкына деле алгылыктуу социалдык жардам көрсөтүшө элек. Үч көчөнү ремонттоп, оңдоо жана жарык кылуу боюнча сүйлөшүүлөр болгону менен ал иштер аткарыла элек. Базанын тейлөө кызматтарында канттык 59 тургун иштеп жатат. Ал эми азыр салынып жаткан мектептин курулушунда жүздөн ашуун кыргызстандык эмгектенүүдө. Ал эми салык төлөмдөрү Ысыката районуна эмес түздөн-түз өлкөнүн казынасына түшүүдө жана анын өлчөмү канча экени белгисиз.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG