Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 04:58

ЭКС-ПРЕЗИДЕНТТИН ҮСТҮНӨН КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛГОН ЭМЕСПИ?


Башкы прокуратура тарабынан экс-президент Аскар Акаевдин үстүнөн кылмыш иши козголбогонун Акаевдин адвокаттары Галина Скрипкина менен Чолпонбек Айтбаев 3-октябрда өткөн маалымат жыйынында билдиришти. Ал эми өлкө башчысы Курманбек Бакиев 20-сентябрдагы күч структуралары менен болгон жолугушууда Аскар Акаевдин үстүнөн 8 кылмыш иши козголгонун ырасмий жарыялаган. Акаевдин адвокаттары укук коргоо органдары Бакиевге туура эмес маалымат беришкен деген пикирде.

Курманбек Бакиев 20-сентябрда күч органдары менен жолугушууда экс-президент Аскар Акаевге жана анын үйбүлөсүнө, жакындарына карата козголгон кылмыш иши аягына чыгарылбаганын, буга байланыштуу Башкы прокуратура, Коопсуздук кызматы али күнчө так маалымат бербегенин айтып, тиешелүү кызматтардын ишин сындаган.

"Эң акыркы маалыматтарга караганда Аскар Акаевге карата 8 кылмыш иши козголгон. Келтирген чыгымы 199 млн. сомду түзөт",-деп айта кеткен Президент.

Бакиев белгилегендей экс-президенттин уулу Айдар Акаевдин үстүнөн козголгон 18 кылмыш иши да аягына чыгарылган эмес. Ал эми башкы прокурор Камбаралы Конгантиев эки ай мурда өткөргөн маалымат жыйынында Аскар Акаевдин үстүнөн үч кылмыш иши козголгонун билдирген эле.

Акаевдин адвокаттары Галина Скрипкина менен Чолпонбек Айтбаев Жогорку Кеңештин мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана укуктук сот реформасы боюнча комитетинен экс-президенттин үстүнөн кылмыш иши козголбогону тууралуу жоопту алышкандыгын билдиришти. Башкы прокурордун орун басары Александар Нефоросных Аскар Акаевдин үстүнөн кылмыш иши козголбогондугу жөнүндөгү жоопту аталган комитеттин башчысы Искак Масалиевге 19-сентябрда жолдоптур.

"Конституция боюнча экс-президент Аскар Акаевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоого жол берилбейт. 12-берене боюнча «Президенттин ишмердиги жана кепилдиги» боюнча мыйзамда президенттин үстүнөн кылмыш ишин козгоого мүмкүн эмес деп көрсөтүлгөн",-дейт Чолпонбек Айтбаев.



Сүрөттө: Акаевдин адвокаттары Галина Скрипкина менен Чолпонбек Айтбаев.


Экс-президенттин адвокаттарынын айтымында, президент Курманбек Бакиевге тиешелүү кызматтар Акаевге байланыштуу туура эмес маалымат берип, коомчулукта кайчы пикирлерди жаратып жатышат.

Экс-президентке кылмыш иши козголбогондугун Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын жетекчиси Токтогул Какчекеев да ырастады:

"Аскар Акаев Конституциянын нормасына ылайык кол тийбестик укукка ээ. Анан кантип биз мыйзамды буза алабыз".

Какчекеев белгилегендей, эгерде жаңы Конституцияда президенттин кол тийбестик укугу алынып салынса, анда Аскар Акаевге байланыштуу ишти кайрадан кароого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Акаевдин адвокаты Галина Скрипкина Башкы прокуратура экс-президенттин уулу Айдар Акаевдин сыртынан кылмыш ишин козгоп, анын ишинин көчүрмөсүн алууга, таанышып чыгууга мүмкүнчүлүк бербегенин айтты. Анын баамында, экс-президентке жана анын уулуна Башкы прокуратура тарабынан мыйзамсыз жасалган иш аракеттер, жалган маалыматтар коомчулукту чаташтырууда.

Март окуясынан кийин Азимбек Бекназаров Башкы прокуратураны башкарып турганда экс-президентке жана анын үйбүлөсүнө байланыштуу жетимиштен ашуун кылмыш иши козголгон эле.

XS
SM
MD
LG