Премьер-министр Мирек Тополанектин “чоң программалуу азчылык өкмөтүн» түзүү тилеги таш капты. Чех парламентинин 200 орундуу Өкүлдөр палатасында өткөн колго салууда Тополанек башындагы кабинетке ал башындагы Граждандык-демократтык партиянын, ошондой эле Жашылдар жана Христиан-демократтар партияларынын 96 депутаты ишеним көрсөттү. Чех социал-демократтык партиясы менен Чехия жана Моравия компартиясынын 99 депутаты каршы добуш берди. 5 депутат түрдүү себептен улам жыйынга катышпады.
Топаленекке каршы чыккандардын ичинде мурдакы премьер-министр, социал-демократтардын лидери Йиржи Пароубек болду. ЧСДП июндагы парламенттик шайлоодо ГДПга жеңилип, Пароубектин солчул өкмөтү бийликтен кеткен.
Мирек Топаленектин өкмөтү бүгүн-эрте отставкага кетээри күтүлүүдө. Президент Васлав Клаус, мыйзам боюнча, Топаленектен үч ирет өкмөт түзүүнү сурашы ыктымал. Бирок, Граждандык-демократтык партия 81 мандатка, каршылаш социал-демократтар 74 орунга ээ болгондуктан, бул план ишке ашпай калышы мүмкүн. Чехиянын Евробиримдикке кошулуусун жактырбаган президент Клаус Граждандык-демократтык партияны колдойт жана ушул партиядан.
Азияда сапарда жүргөн президент Клаус өлкөгө бейшемби күнү келет. Ал Чех телевидениесине берген интервьюда жаңы премьер-министрдин ысмын Сенатка жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтмөйүнчө атабасын, бирок, сапардан келер замат партия лидерлери менен масилээт курарын эскертти. Шайлоолор октябрдын акыркы дем алыш күндөрү өтөт.
Кокус ГДП менен ЧСДП өз ара мунасага барып, коалициялык өкмөттү түзүү аракетин жасашы мүмкүн экени да айтылууда. Бирок, эки партия бюджет, салык жана социалдык чыгымдар маселесинде кармандай кайчы пикирде тургандыктан, анан да Пароубек менен Топаленек ортосундагы мамиле өтө курчуп кеткендиктен тараптардын элдешүүсү өтө кыйын дешет серепчилер.
Мындай шартта президент Клаус убактылуу өкмөт дайындайт да, келерки июнда кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүлөт деп боолгошот талдоочулардын бир жааты.