Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:01

ТҮШТҮК КОРЕЯНЫН ӨКҮЛҮ 9-ОКТЯБРДА БИРИККЕН УЛУТТАРДЫН БАШ КАТЧЫСЫ БОЛУП ШАЙЛАНАТ


Нарын АЙЫП, Прага Дүйшөмбү күнү Нью-Йоркто - Бириккен Улуттардын келерки баш катчысы ким болоору чечилди. 9-октябрда Коопсуздук Кеңешинде расми добуш берүү өтөт жана уюмдун тарыхындагы сегизинчи баш катчы болуп Түштүк Кореянын азыркы тышкы иштер министри Пан Ги Мун шайланат.

Эксперттердин айтымында, 9-октябрдагы добуш берүү учурунда эч кокустук болбош керек жана Пан Ги Мун баш катчы болуп шайланат. Андан кийин Коопсуздук Кеңеши аны Жалпы Ассаблеянын сессиясында колго салат жана талапкердин бекитилиши үчүн 192 мамлекеттин жарымынан ашык добушу жетиштүү. Уюмдун тарыхында Коопсуздук Кеңеши буга чейин сунуштаган талапкердин бирин дагы Жалпы Ассамблея эч качан четке каккан эмес.

Коопсуздук Кеңешинде дүйшөмбү күнү өткөн талкуу-шайлоо учурунда Пан Ги Мун анын 15 мүчөсүнүн он төртүнүн колдоосуна арзыды жана бир гана өлкө калыс калды. Кеңештин бардык беш туруктуу мүчөсү кореялык дипломатты колдоду, ошондуктан эми анын баш катчы болооруна эч тоскоолдук калган жок.

Октябрда Коопсуздук Кеңешине төрагалык кылган Жапониянын өкүлү Кензо Ошиманын айтымында, Кеңеш эми бул маселеге 9-октябрга чейин кайрылбайт: "Менин оюмча, Кеңеште бүгүн бир пикир түзүлдү жана анын негизинде эми расми добуш берүү өткөрсө болот", - деди Ошима талкуудан кийин.

Бардыгы болуп баш катчылыкка жети талапкер көрсөтүлгөн, дүйшөмбүдөгү талкуу алдында Пан Ги Мун менен кошо дагы эки кандидат калган - Бириккен Улуттардын баш катчысынын орун басары, Индиянын жараны Шаши Тарур жана жана Латвиянын азыркы президенти Вайра Вике-Фрайберга, бирок алар он жана беш гана добуш чогулта алышты.

Пан Ги Мун 1944-жылы 13-июнда туулган. Сеул университетин бүтүргөндөн кийин АКШнын Гарвард университетинде окуган. Түштүк Кореянын Вашингтондогу элчилигинде иштеген, андан соң Австриядагы кореялык элчи болгон, 1995- жана 2000-жылы эки жолу тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалган, 2004-жылдан бери болсо - министр.

Пан Ги Мун - Бириккен Улуттардын тарыхындагы сегизинчи баш катчы болот. Ага чейин бул орунду 1946-жылдан 1952-жылга чейин норвегиялык дипломат Трюгве Ли ээлеген, анын ордун швециялык Даг Хаммаршельд баскан, 1961-жылы ал авиакырсыкта курман болгондон кийин Мьянманын өкүлү У Тан баш катчы болуп эки мөөнөт иштеген.

Мисирдин өкүлү Бутрос Бутрос Галиден башка кийинки баш катчылардын баары эки беш жылдык мөөнөттөн кызмат өтөдү - австриялык Курт Вальдхайм, Перунун өкүлү Хавьер Перес де Куэльяр, жана Бутрос Галинин ордуна 1997-жылдын 1-январынан тартып баш катчы болгон Африканын Гана мамлекетинин өкүлү Кофи Аннан.

XS
SM
MD
LG