Айрым саясат изилдөөчүлөрдүн пикирлери боюнча 2003-жылы өзгөртүүлөргө туш болгон Конституцияда парламенттик шайлоодон пропорционалдык система алынып салынгандан кийин саясий партиялардын мурдагыдай кадыры жок болуп калган. Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева саясий партияларга мамлекет тарабынан эч кандай көңүл бурулбагандыктан улам, алар ушул акыбалга келди деген ойдо. Анын сөзү боюнча партияларды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа жана системаларлы түзүү зарыл.
“Асаба” партиясынын төрагасынын орун басары Дөөлөт Нусуповдун пикиринде саясий партиялар жашап жана өнүгүшү үчүн өлкөдө шарт түзүлүшү керек: "Саясий партиялардын өнүгүшү үчүн парламенттик шайлоону пропорционалдык система менен өткөрүү зарыл. Мындан тышкары мамлекет тарабынан саясий партияларга каражат бөлүнүүсү керек."
Ал эми бул күндө он беш жылдыгын белгилеп жаткан туңгуч партия— “Эркин Кыргызстан” партиясынан азыркы учурдагы таанымал “Атамекен”, “Эркиндик” жана башка саясий партиялар бөлүнүп чыккан. “Эркин Кыргызстан” партиясынын экс-лидери, Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу саясий партиялар шайлоолорго катыша албаган өлкөдө демократия болбойт деп эсептейт:
"Башка өлкөлөрдө мамлекеттик бюджеттен саясий партиялардын өнүгүшү үчүн атайын каражат бөлүнөт. Партиялык тизме менен шайлоо болгондо ошол партия өкмөттү түзүүгө да укуктуу болууга тийиш. Бизде мындай нерсе жок. Ошондуктан, партиялык тизме менен шайлоо киргизилсин деп кайра сөзсүз Башмыйзамга жазуу керек. Саясий партияларга азыртан колдоо болбосо, Кыргызстандын келечеги жок."
Башмыйзамдын жаңы долбоорунда мындан ары парламенттик шайлоо негизинен партиялык тизме менен жүргүзүлөрү белгиленген. Айрым бир пикирлер боюнча, бул саясий партиялардын өсүшүнө түрткү болот. Ошол эле убакта парламенттик шайлоолорго катышып, Жогорку Кеңештен орун алуу максатында Кыргызстанда шайлоолорго жакын саясий партиялар жаандан кийинки козу карындай жамырап пайда болушу мүмкүн деген пикирлер да жок эмес. “Менин өлкөм” саясий партиясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев мындай болбошу үчүн саясий партиялардын шайлоого катышуу укуктарына айрым бир чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы бар экендигин билдирди.
Парламенттик шайлоонун пропорционалдык система менен жүргүзүлүшү саясий партиялардын өнүгүшүнө шарт түзүүчү бирден-бир фактор болуп калмакчы. Айрым талдоочулардын айтымында, шайлоодо ийгиликке жетишүү үчүн көптөгөн майда партиялар биригип, аз бирок саз саясий партиялардын түзүлүшүнө өбөлгө болот.