Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:39

4-ОКТЯБРЬ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1933-жылдын бу күнү Кыргыз өкмөтү Кыргызстандын тарыхы үчүн сүрөтчү Семен Чуйковдун сүрөт түрмөгүн жактырды. 2000-жылдын 4-октябрында Ош шаарынын статусу аныкталып, андан бери ал шаардык майрам деңгээлинде белгиленип келет.

1891-жылдын бу күндөрү Россия империясынын Пишпек уездинде биринчи курорттук мекеме пайда болгондугу белгилүү болду. Мындагы медик адистер оорукчан адамдарга Пишпектен 40 чакырым чамалуу алыстыкта жайгашкан Ысыкатанын жылуу суусун дарылык үчүн пайдаланууну сунуш кылышкан.

Ысыкатадагы кайнар булактардын кашына бозүй тигилип, барак тибиндеги үйлөр салына баштаган. Жаңы курорт туурасындагы маалымат Россия империясынын бардык географиялык справочниктеринде белгиленип, Ысыката жөнүндө маалымат даректер чыгарыла баштаган.

1933-жылдын бу күнү Кыргыз АССР ВКП (б)сы менен өкмөтү биргелешип Кыргызстандын тарыхы үчүн сүрөтчү Семен Чуйковдун сүрөт түрмөгүн жактырды. Алардын баамында, «Кыргызстандын колониялдык өтмүшү», «1916-жыл» аттуу сүрөттөр айрыкча релдуу турмушту чагылдырып, тарых барактарын калыбына келтирүүдө маанилүү роль ойнойт деп белгиленген.

1937-жылдын бу күнү ВКП (б) БК менен СССР Элдик комиссарлар Кеңеши биргелешип «Кыргыз ССРинин чарбалык жана маданий өнүгүшүн камсыздоо туурасында» Токтом кабыл алды.

1993-жылдын октябрь айында башталган Россия Федерациясындагы бийлик тирешүүсү акыры ок атышуу менен жыйынтыкталган. 4-октябрда Кыргызстандын парламенти менен өкмөтү биргелешкен жыйын өткөрүп, анда президент Аскар Акаев Россиядагы кырдаал боюнча билдирүү жасады. Орус өлкөсүндөгү бийлик тирешүүсү граждандык согушка алып келээри белгиленип, президент Кыргызстандагы саясий күрөшкө мораторий жарыялоого сунуш киргизди.

2000-жылдын 4-октябрында президент Аскар Акаевдин Жардыгы менен Ош шаарынын статусу белгиленди. Жардыкка ылайык Ош шаары республиканын түштүк борбору деп таанылып, шаарда президенттин түштүк резиденциясы орун алган.

Бу күнү, 1675-жылы голланд физиги Гюйгенс чөнтөк саатты патенттеп, 1911-жылы Лондондо биринчи эскалатор ишке киргизилип, 1993-жылы Б. Ельцин Россия Федерациясында чукул кырдаал жарыялап, өкмөт аскерлери Верховный Совет мекемесине чабуул менен кирип, 1814-жылы француз сүрөтчүсү Жан Милле, 1816-жылы «Интернационалдын» автору, ырчы Эжен Потье, 1835-жылы атактуу географ, Борбордук Азия изилдөөчүсү Григорий Потанин жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG