Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

ОРУСИЯ КЫРГЫЗСТАНГА АСКЕРДИК ТЕХНИКА ТАПШЫРДЫ


Бүгүнкү Кыргызстандын премьер- министри Феликс Кулов менен Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Бишкекте жолугушуп, орус-кыргыз аскердик кызматташтыгы дагы тереңдей тургандыгын ырасташты. Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов 2 млн. долларлык аскердик техникалык жабдууларды Кыргызстандын аскер бөлүктөрүнө Кант базасында тапшырды.

Феликс Куловдун айтымында Орусия менен аскердик кызматташуусунун натыйжасында өлкөнүн аймактык коопсуздугу сакталып, Кыргыз армиясы техникалык жабдууларга ээ болууда. Ошондой эле аралык терроризмга каршы күрөшүүдө Оштогу кыргыз-орус биргелешкен машыгуунун мааниси зор.

Премьер- министрдин айтымында Канттагы орус аскер аба күчтөр базасы менен “Манас” аэропортундагы базанын айырмасы - америкалыктар Ооганистандагы туруктуулукту колдого алуу максатын көздөйт.

Ал эми Канттагы орус аскер базасы Жааматтык коопсуздук келишиминдеги шериктеш мамлекеттердин коопсуздугун сактоо милдетин аркалайт.

"Ошондой эле алар Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн бир бөлүгү болуп эсептелет. Орусиянын аскер күчтөрүн кыргыз армиясы коосуздуктун кепилдиги катары баалайт. Орусиянын саясый статусуна ылайык, Канттагы аскер базасы арендалык акы төлөбөйт,- деди премьер- министр Феликс Кулов.

Бишкектеги өкмөттүк деңгээлдеги жолугушууда Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында түзүлгөн келишимдерге ылайык кыргыз армиясына ар жылы техникалык жардам берилип тураарын айтты.

Коргоо министри Исмаил Исаков эки тараптын аскердик- техникалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн маселелери талкууга алынганын айтып, “Орусиядан Канттагы аскердик аба базасы үчүн арендалык акысы талап кылуу ылайыксыз” деп билдирди. Анткени, Канттагы орустардын аба күчтөрү Кыргызстандын коопсуздугун сактоого кызмат кылууда. Канттагы базасынын арендасы үчүн Орусия тарап өз демилгеси менен 2 млн. доллардык техникалык жабдууларды берди. Мындай жардам ар жыл сайын көрсөтүлүп турмакчы.

Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов кыргыз армиясына 10 КАМАЗ аскердик автоунаасын жана башка техникалык жабдууларды тапшырды.

Иш сапарынын алкагында Сергей Иванов Канттагы аскер-аба күчтөр базасында болуп, орусиялык аскер кызматкерлери, алардын үйбүлө мүчөлөрү менен жолугушуп, алардын жашоо-тиричилиги менен жакындан таанышты.

-Орус аскерлери кайсыл өлкөдө кызматын өтөп жатса дагы социалдык жактан коргоого алынып, жакшы жашоосуна шарт түзүлөт,-
деп билдирди Сергей Иванов.

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин пикиринде, Кыргызстан Орусиянын аскер базасынын арендалык акысын чечип алууга жетишпей, теңата макулдашууларга жетишпей турат: “Кыргыз бийлик өкүлдөрү, өкмөт жетекчилери Орусияга жагынуучулук кылып, көп маселерди чеке албай чабалдыгын көрсөтүүдө. Ошондой эле Орусия Канттагы база үчүн америкалыктардай эле чоң суммадагы арендалык акы төлөшү зарыл.”

Бул сапардын алкагында Сергей Иванов Ошто террорго каршы өтүп жаткан кыргыз-орус биргелешкен машыгуусунун 5-октябрдагы жыйынтыктоочу бөлүгүнө да катышмакчы. Машыгууда аскердик артыкчылыгын, күжүрмөн даярдыгын көрсөткөн орус- кыргыз кызматкерлерине, аскер бөлүктөрүнө баалуу сыйлыктарды тапшырат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG