Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

ПРЕЗИДЕНТТЕР ЫМАЛАСЫНАН ЭЛГЕ ЫЛААЖЫ БОЛОБУ?


Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин Өзбекстанга жасаган расмий сапары бүгүн аяктады. Ташкенде Курманбек Бакиев менен Ислам Каримов коңшулаш эки мамлекеттин ортосунда экономикалык жактан кызматташуу, террорчулукка каршы биргелешип күрөшүү келишимдерине кол коюшту. Айрым талдоочулар Курманбек Бакиевдин Өзбекстанга жасаган расмий сапары эки өлкөнүн мамилесинин чыңдалышына алып келеби же эки президенттин өз ара алакасынын жакшырышына эле өбөлгө түздүбү деген суроону коюшууда.

Кечээ эки өлкө президенттери жолугушуп, эки мамлекет атуулдарынын 60 күндүк визасыз каттамдарын камсыз кылуу, экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык багыттарда 2010-жылга чейин кызматташуу, терроризмге каршы биргелешип күрөшүү сыяктуу макулдашууларга кол коюшкан.

Айрым талдоочулар эки өлкөнүн ортосунда мындай макулдашуулар мурдагы бийликтин тушунда да далай болгондугун, бирок алардын көпчүлүгү кагазда гана калып келгендигин айтышат. Өзгөчө Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы көйгөйлүү маселелер—чек ара маселеси, карапайым өзбек жана кыргыз калкынын өз ара катышы оор бойдон калып келгендигин белгилешүүдө.

Ошондой эле жыл сайын Өзбекстан тарап кыш күчөгөн мезгилде газдын баасын кымбаттатып же көгүлтүр оттун Кыргызстанга багытталган түтүктөрүн такыр эле жаап салып жүргөндүгү тууралуу да нааразы сөздөр бар.

Бирок ошол эле учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын жетекчилеринин ортосундагы мамилелер мурдагыдай эмес, бир топ жылуу маанайга өттү деп белгилеген байкоочулар да жок эмес. Алардын бири, Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун пикиринде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан төрт качкындын Өзбекстанга кайтарылып берилиши президент Курманбек Бакиевдин Өзбекстан менен жылуу мамиледе болууга ниети бардыгын билдирет.

Кыргызстандын саясатчылары кыргыз-өзбек мамлекет башчыларынын мындай мамилесинин жемишин эң алды эки өлкөнүн карапайым калкына берсе деген тилектерин айтышууда. Айрым саясатчылар эки президенттин достугу өздөрүнүн жеке керт башынын бийлигин сактап калуу аракетине кызмат кылып калбоосунан чочулашат. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу кыргыз-өзбек мамлекет башчыларынын жылуу мамилеси адам укуктарынын тебеленүүсүнө алып келбегидей болууга тийиш деген чочулоосун билдирди:

“Эки мамлекет башчыларынын жылуу мамилеси, достугу атайын кызматтардын достугуна эле айланышы керек эмес, ал элдин достугу болууга тийиш. Эгер бул атайын кызматтардын гана достугуна айланса, анда Акыйкатчы катары мен мындай достукка каршымын. Анткени ал өлкөнүн саясий жана атайын күчтөрүнүн буйрутмасы боюнча Кыргызстандын калкынын укугу жана эркиндиги бузулушу мүмкүн”.

Акыйкатчы эзелтен эриш-аркак жашап келген кыргыз-өзбек калкынын өз ара эркин катташуусун 60 күндүк визасыз каттам камсыз кыла албайт деп эсептейт:

“Эгер эки президент мамилесин туугандык, тыгыз кылам десе, эң биринчи чегараны ачып, алтымыш күн эмес, каалаган учурда эч кандай визасыз эле кыргызстандыктар Өзбекстанга, өзбекстандыктар Кыргызстанга өтө алгыдай кылып чечүү керек. Экинчиден чегарадагы сооданы жакшыртуу керек. Бири-бирибизден коркуп жашоону токтотуу зарыл”.

Ал эми саясатчы Абдыганы Эркебаев мамлекет башчылары жакын болмоюнча элдин ортосундагы алака да жакшы болбойт деген пикирде:

“Эки президенттин жакшы болгонун мен колдойм. Менин тилегеним коңшулаш Өзбекстан, Тажикстан менен Кыргызстан жакын болуп, чегараны, суу маселесин чечүү, жолду ачуу керек. Жөн эле жолуга берүүдөн пайда жок”.

Президент Курманбек Бакиевдин бул иш сапары ал бийликке келгенден берки Өзбекстанга жасаган алгачкы расмий сапары.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG