Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

АЙДАР АКАЕВ МЕНЕН МУРАТБЕК МАЛАБАЕВ ДЕПУТАТТЫК УКУГУНАН АЖЫРАДЫ


Аманбек Жапаров,Бишкек Борбордук шайлоо комиссиясы 5-октябрдагы жыйынында Айдар Акаевди жана Муратбек Малабаевди депутаттык ыйгарым укугунан ажыратты. БШКнын мындай чечим чыгарышына эки депутаттын узак мезгилге өлкөдөн чыгып кетүүсү жана парламенттин сессиясына катышпагандыгы себеп болгон. Айрым байкоочулар БШКнын мындай чечимин колдошууда. Ошондой эле БШК Куршаб шайлоо округунан Мамат Орозбаевди Жогорку Кеңешке депутаттыкка каттоого алган өз токтомун жокко чыгарды. Анын атаандашы Санжар Кадыралиевди Куршаб округу боюнча парламент депутаттыгына каттоого чечим чыгарды.

Борбордук шайлоо комиссиясы №57 Кемин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган Айдар Акаевди жана №40 Отузадыр шайлоо округунан шайланган Муратбек Малабаевди депутаттык мандаттан ажыратты. БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун айтымында, Конституцияга ылайык депутат Жогорку Кеңештин жыйындарына себепсиз катышпаса, мамлекеттен чыгып кетсе анын депутаттык мандаты алынат.

«Ошол себептүү Айдар Акаев менен Муратбек Малабаевди депутаттык ыйгарым укугунан ажыраттык», дейт төрага. Ал ошондой эле Айдар Акаевдин парламентте депутаттык ант бербегенин да эскерте кетти.

БШКнын мындай чечимине жалгыз каршы чыккан БШКнын мүчөсү Көкүмбай Турусбеков БШК бул маселени ийне-жибине чейин териштирбей, шашылыш добушка коюп, мыйзамдуулукту сактабаганын айтты. Ал БШКга бул маселени массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ачык, айкын талкуулап калыс чечим чыгарууну сунуштаган. Бирок анын сунушуна төрага көңүл бурган эмес.

Көз карандысыз журналист Мелис Арыпбеков эл ишенип шайлаган эки депутаттын башка өлкөдө өз кара жандарын калкалап, парламенттин сессиясына катышпагандыгы үчүн БШК былтыр эле аларды мандатынан ажыратыш керек эле, деген пикирде. Ал эми Айдар Акаевдин Москвада жашырынып жүрүшү, анын таза эместигинен кабар берет, дейт Арыпбеков.

"Айдар Акаев уурубу, коррупционерби аны биз айталбайбыз. Аны сот гана далилдейт. Эгерде ал таза болгондо келет эле да. Анын карындашы ошол тополоң болгондон кийин деле жүрбөдүбү Бишкекте. А эгерде Айдар таза болсо коркпой-үркпөй жүрө бериши керек эле. Атасынын таламын, алгачкы ажонун ар намысын талашпайт беле? Эмне үчүн Москвада жашырынып качып жүрөт?"

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов болсо Айдар Акаев менен Мурат Малабаевдин маселеси боюнча учурда иштеп жаткан депутаттык комиссиянын төрт мүчөсү Москвага Айдар Акаев менен көзмө-көз сүйлөшүүгө кетишкенин билдирди. Анын айтымында, ал депутаттык топ Мурат Малабаев менен да жолугушуп, парламенттин жыйынына катышпаган себептерин талдап-тактап кайтышат. Бабановдун баамында, бул маселе боюнча парламенттик комиссия өз бүтүмүн чыгаргандан кийин, БШК тиешелүү чечим чыгарса жөндүү болмок.

БШК ушул отурумунда Мамат Орозбаевди №39-Куршаб шайлоо округу боюнча парламент депутаттыгына каттаган 23-майдагы токтомун жокко чыгарды.
Мамат Орозбаев БШКнын мындай чечимин мыйзамсыз аракет катары баалады.

"БШКнын бул чечими мыйзамсыз. Конституцияга түздөн түз карама-каршы келет. №39 Куршаб шайлоо округунун шайлоочуларынын Конституциялык укугун жана менин укугумду тебелеп-тепседи деп баалайм",-деди Мамат Орозбаев.

Анын пикиринде, БШК түздөн-түз ак үйдүн «жетинчи кабатынын» тапшырмасын аткарды. Ал ошондой эле Куршаб шайлоо округундагы талаш маселе боюнча БШК өз регламентин бузгандыгы үчүн буга чейин Биринчи май райондук сотуна кайрылганын билдирди. Анын айтымында, 3-октябрда болуучу сотко БШКнын төрагасы жана анын жардамчыларынан эч ким катышпагандыктан, сот 7-октябрга жылдырылган. Орозбаевдин өтүнүчү менен сот 5-октябрда БШКнын отурумунда каралуучу Куршаб шайлоо округу боюнча маселени башка күнү кароого аныктама чыгарып берген. Ага карабай БШК бүгүн бул маселени карап, бир жактуу чечим чыгарып салды, дейт Маматов.

Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдыраимов анын мындай дооматына макул эмес. Анткени, Биринчи май райондук соту мындай өңүттөгү катты БШКга расмий жолдобоптур. Төрага ошондой эле Куршаб шайлоо округуна байланыштуу маселе мыйзамдын чегинде чечилгендигин белгиледи.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Көкүмбай Турусбеков БШКнын төрагасы соттун аныктамасына маани бербегендигин айтты.

"Биринчи май райондук соту БШКга Куршаб шайлоо округундагы маселени карабагыла деген аныктама берген. Бирок биздин төрага анысына карабай «өзүм билемдикке салып» добушка коюп, БШКнын мүчөлөрүн кол көтөрүүгө мажбур кылды. Менин оюмча төрага баш болгон БШК сотту сыйлабагандык мамиле кылды".

Турусбековдун айтымында, Куршаб шайлоо округу боюнча маселени БШК калыстык менен чечкен жок. Ал эми Мамат Орозбаев БШКнын бүгүнкү чечими боюнча сотко кошумча арыз жолдоорун билдирди.

XS
SM
MD
LG