Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 00:56

АЛИКБЕК ЖЕКШЕНКУЛОВ: КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ӨЗБЕКСТАН БАРДЫК МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА ТИЛ ТАБЫШТЫ


Кыргызстан менен Өзбекстан он жылдык тыныгуудан кийин кайрадан өз ара түшүнүшүүгө жетишти жана бири-бирине пайдалуу, теңата кызматташтыкты арттырууну макулдашты. Президент Курманбек Бакиевдин Ташкенге алгачкы расмий сапарынын жыйынтыктарына байланыштуу бүгүн Бишкекте тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов ушундай мазмунда билдирүү жасады. Укук коргоочулар Бакиевдин алгачкы сапарында адам укуктары жаатындагы маселелер экинчи орунга чыгып калганын белгилешүүдө.

Министр Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, президент Бакиевдин расмий сапары дипломатиялык бийик деңгээлде өтүп, тараптар саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык өңүттө бардык маселелер боюнча тил табышты. Алардын катарында конкреттүү тыянак менен бекемделген газ маселесин атоого болот. «Электр станциялары» акционердик коомдун башкы директору Сапарбек Балкыбеков акыркы төрт жылдан бери Өзбек бийлиги биринчи жолу кыргыз электр энергиясын сатып алууну жана өзбек газын үзгүлтүксүз берип турууну кепилдеди деп билдирди:

- Бул жылы Кыргыз республикасына кошумча газды мурдагы эски баа менен берүү тууралуу чечим кабыл алынды. Азыр өзбекстан жаратылыш газынын миң кубометрин 55 доллардан алып атабыз. Эки президенттин макулдашуусунун негизинде азыр «Кыргызгаз» акционердик коомунун баш директору Игорь Чудинов контрактка кол коюп атат. Бул контракт боюнча бу жылы дагы 30-40 миллион кубометр кошумча газ келет.

Балкыбековдун айтымында, газга байланыштуу жыл этегине чейин камтама болуунун кажети жок. Бирок, келерки жылы алынуучу газдын көлөмү, баасы тууралуу өкмөттөр аралык комиссия тыянак чыгара элек.

Бакиевдин сапарында кол коюлган кыргыз-өзбек жарандарынын алтымыш күндүк визасыз каттамын кепилдеген макулдашуу да олуттуу документ катары бааланууда. Ал эми талаштуу чегара аймактарын жөнгө салуу боюнча болсо конкреттүү документ кабыл алуу маселеси көтөрүлгөң жок. Жекшенкулов президенттер талаштуу аймактарды ыкчам, калыс, тараптардын кызыкчылыгын эске алуу менен чечүүнү өкмөттүк комиссияларга тапшырды деп кошумчалады:

- Ар бир мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу тууралуу президенттерден ушундай тапшырма алдык. Эки өкмөт ортосундагы комиссия мындан ары ишти улантат.

Эки мамлекеттин баш прокурорлору укуктук кызматташуу жаатында алкактык макулдашууга да Ташкенде кол коюлду. Тышкы иштер министри бул макулдашуу кандайдыр бир атайын абал түзүү максатын көздөбөгөн кадырэсе документ деп ишендирди.

Анткен менен айрым укук коргоочулар президент Бакиевдин сапарында адам укуктарынын абалы жаатындагы кызматташтыкка маани берилбей калганына тынчсызданып жатышат. Жарандык коом коррупцияга каршы бейөкмөт уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова мындай дейт:

- Качкындарды кыйноо өлкөсүнө өткөрүп берген мырза Бакиев алардын тагдыры боюнча эч кандай маалымат ала албаганы эң бир начар нерсе деп эсептейбиз. Анткени, революциядан кийинки жаңы президент адам укуктарына жана эркиндиктерине, авторитардык режимдин лидери Каримовго кандай таасир берет экен деп жатканбыз.

Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров эки президент ортосундагы ымала эки өлкөнүн мамилесин жылытарына ишенбейм дейт:

- Өздөрү койгон документтерге, өздөрү берген убадаларга Каримов дагы, Бакиев дагы турарына мен ишенбейм.

Мындан он жыл илгери ошол кездеги президент Аскар Акаевдин расмий сапарынын учурунда эки өлкө ортосунда «Түбөлүк достук келишими» түзүлгөн болчу. Жогорку Кеңештин депутаты, эки расмий делегациянын тең мүчөсү Алишер Сабиров бул жолку президенттин сапары мурдагыдан алда канча натыйжалуу болду деп санайт. Кыргыз президентинин 3-4-октябрдагы расмий сапарынын чегинде Курманбек Бакиев менен Ислам Каримов Ташкенде Кыргызстан менен Өзбекстан экономикалык-илимий техникалык жана гуманитардык кызматташтык жаатында 2007-2011-жылдар үчүн келишимге жана программага кол коюшту.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG