Сатирик-акын Сакит Захидов оппозициячыл “Азадлык” гезитинде иштөөчү. Аны полиция 23-июнда камакка алганда жанынан 10 грамм героин тапкан.
Ал сотто маң заттарын дегеле колдонбогонун, героинди полиция аны камакка алар алдында чөнтөгүнө салып койгонун айтып актанды.
Соттун жүрүшүндө Захидов чоң көлөмдөгү маң заттарын сатуу үчүн үйүндө сактаган деген адегенки айып далилденбей калды.
Журналисттин адвокаты Вугар Казиев сот прокурордун сөзүнөн бир нокот да чыкпаганын айтат:
-Сот Захидовдун күнөөсүн тастыктаган бир да далилди келтирбеди. Анын ордуна мамлекеттик прокурордун айып сөздөрүн наториус сыңары ырастап отурду.
Сот айыпталуучунун маң заттарын пайдаланганын медициналык экспертиза аркылуу да тастыктоодон баш тартып койду. Сот үчүн Захидовдун камакка алуу маалында өзүн ишенимсиз кармап, тынчызданып турганы, анын күнөөсүн ырастаган далил болуп берди.
Сакыт Захидов өкмөттүк чиновниктер арасындагы коррупция жөнүндө көп жазгандыктан, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму жана башкеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети соттун эркин жана калыс өтүшүн сурап, Азери бийликтерине кайрылган.
Парижде жайгашкан Чекарасыз журналисттер уюмунун жетекчилеринин бири Эльза Видаль сот саясый жүйөөгө таянып, өкүм чыгарды деген ишенимде:
–Биз муну саясый өкүм деп баалайбыз. Себеби, Сакыт Захидовдун маңзатын колдонгону же аны сатканы далилденген жок. Сакыт Захидов Азребайжанда президент Илхам Алиев жөнүндөгү сын макалалары жана ырлары менен белгилүү. Ошондуктан, муну биз саясый өкүм деп, ага түздөн түз каршыбыз.
Жергиликтүү калемгерлер Захидов камакка алынгандан үч күн мурда башкаруучу “Жаңы Азербайжан” партиясынын аткаруучу секретары Али Ахмедов бийликтерге кайрылып, өкмөттү сындаган журналисттин оозун жабууга чакырганын айтышат.