Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ : “КЫРГЫЗСТАНДА АВТОРИТАРДЫК СИСТЕМАНЫ ТАЛКАЛОО КЕРЕК”


12-октябрда Бишкекте жалпы улуттук форум өтөөрү белгиленүүдө. Мындай демилге менен “Реформа үчүн” кыймылына кирген коомдук саясий уюмдар чыгып жатат. Уюштуруучулардын айтымында, форумга өлкө президенти, премьер-министр да чакырылууда. “Реформа үчүн” кыймылы өткөн аптада шайлоо алдындагы убадаларын аткарбаганы үчүн президент, премьер министрдин отставкасын талап кылган мөөнөтсүз нааразылык акциясын 2-ноябрда баштарын жарыялаган эле. Аталган кыймылдын лидери, Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” сүйлөп, соңку окуяларга комментарий берди.

- Адегенде 2-ноябрда башталуучу митинг жөнүндө айтылды, андан кийин жалпы улуттук форум өткөрүү демилгеси чыгып жатат. Эгер ошол улуттук форумга чын эле президент, премьер-министр келип, кандайдыр бир убадалар болуп, тараптар мунаса тапса, отставка жөнүндөгү маселе күн тартибине чыкпай калат дегенди билдиреби?

- 2005-жылы апрель айында республиканын атуулдук коомдун лидерлери форум жыйнап, ал форумда шашылыш түрдө авторитардык системаны демонтаж кылуу, Конституциялык реформаны өткөрүү жөнүндө маселе көтөрүлгөн. Ал жерде президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчылары, депутаттар барып, бир добуштан колдоп, жыйынтыгында Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Тилекке каршы, өкмөт башчысы, аны менен кошо президент кагаз жүзүндө парламент, эл алдында бир нече жолу убада бергенине карабастан, Конституциялык реформаларды азыркы күнгө чейин өткөрбөй келип отурат. Берилген убадалар боюнча бул Конституциялык реформа 2005-жылдын октябрь, ноябрь айларында аягына чыгыш керек эле.

Ошондуктан атуулдук коомдо ошол убадаларды дагы бир жолу эске салуу боюнча атуулдук форум кайрадан чакырылып отурат. Бул форум ноябрда белгиленген митингге чейин болуп өтүп, сүйлөшүүлөрдүн ыкмасы, аракети катары бааласа болот. Бул форумда бүгүнкү бийлик, оппозиция, атуулдук коом лидерлери бирдиктүү пикирге келиши мүмкүн, бирок кур убадаларга бүгүн эч ким ишенбейт.

Мамлекет башчысынын кагаз жүзүндө берген убадаларына, Алмаз Атамбаев айткандай, нан кармашып антташкан убадаларына турбагандан кийин, бул форумда келип дагы бир жолу жасайбыз деген убадасына эч ким ишенбейт. Ошол форумга чейин артка кайткыс саясий процесстерди башташ керек. Бул указдар, конкреттүү проектилер алдыга жылган болсо, менин оюмча бир айдын ичинде көп иштерди жасап, бүтүрсө болот. Бул атуулдук коомдо, жалпы эле коомчулукта ынтымактуулукту, стабилдүүлүктү алып келген мамилелешүү болот эле деп ойлойм.

- Кандайдыр бир деңгээлде улуттук форумду 2-ноябрдагы митингдин алдын алууга багытталган иш чара деп айтсак болот экен. Эгер андай болсо бул катышууга Акүй өзү көбүрөк кызыкдар болуш керек го?

- Мен ойлойм, бардык тараптар кызыкдар болуш керек, анткени митингге, ачык саясий акцияларга жеткирбестен сүйлөшүүлөр жолу менен тигил, же бул проблеманы чечсе болот деп эсептейбиз. Бул биздин алдыбызда дагы бир ушундай мүмкүнчүлүк ачат.

- Дагы бир жолу өзүңүздөн тактап коелу, «Реформа үчүн” кыймылынын көздөп жаткан максаты кайсы - азыркы кризис көрүнүштөрдөн кутулуу үчүн токтоосуз түрдө конституциялык реформага барып, анын соңунан жаңы шайлоо өткөрүп, жашоону жаңы барактан баштайлы деп жатасыздарбы?

- Токтоосуз түрдө конституциялык реформаны өткөрүү эң биринчи кезекте Кыргызстанда коррупциялык, авторитардык системаны талкалоого шарт түзүп берет. Бул автоматтык түрдө эле биз койгон максат өзүнөн-өзү келет дегендикке жатпайт, шарт түзүп берет.

Экинчиден, мамлекеттик бийликтин авторитетин калыбына келтирет деп эсептейм. Анткени убада берип, эки айдан кийин кайра танып, жеке гана өзүнүн эмес, мамлекеттик бийликтин, мамлекеттик институттардын авторитетин кетирип бүттүк. Акыркы болгон чатак иштердин бары бир адамдын айланасында жыйналган топтордун коомдук турмушка болгон терс таасири бар экендигин далилдеди, ошондуктан бул система Кыргызстандын шартында жарабай тургандыгы барыбызга айкын болду. Ошондуктан сөзсүз реформа болуш керек деп ойлойм. Жана айткандай, мамлекеттик бийликтин авторитетин калыбына келтирет, ал эми коомдо терс көрүнүштөргө, коррупцияга, үй-бүлөлүк башкарууларга жана башка терс көрүнүштөрдү жоготуу үчүн жаңы шарт түзүп берет.

- Реформа үчүн кыймылдын ичиндеги биримдик кандай? Мисалы, Өмүрбек Абдрахманов президент Бакиев менен жолуккан соң АКИ-пресс агенттигине берген интервьюсунда “президентке мен кыймылдын атынан барган жокмун” деди. Соңку билдирүүдө мурда көч башында жүргөн Кубат Байболовдун ысымы көрүнбөйт. Бул суроолорго жоопту албетте алардын өзүнөн сураш керек. Бирок кыймылдын лидери катары сиздин көз карашыңыз кандай?

- Кубат Байболов жетектеген партиянын өкүлдөрү бул кыймылда бар, катышып жүрүшөт. Ал эми Өмүрбек Абдрахмановдун президентке барарын биздин кыймыл билген жана ага макул болгон. Президент Бакиев Абдрахмановду өзүнчө атуул катары чакырып жолуксак деген ой-пикирин айткан экен, алар жолугуп сүйлөшүп чыкты. Бул жерде эч кандай карама-каршылык боло турган кырдаал жок.


Cуроо салган Улан Эшматов

XS
SM
MD
LG