Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 09:30

16:30. Суталинов Улуттук коопсуздук кызматына, Гуронов Ички иштер министрлигине келишти


Президент К. Бакиевдин жардыгы менен ички иштер министри Мурат Суталинов Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Ал эми анын ордуна Осмоналы Гуронов ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Жаңы министрдин милдетин аткаруучу Гуроновду президенттик администрация башчысынын биринчи орун басары Медет Садыркулов министрликтин кызматкерлерине бүгүн тааныштырды. Гуронов буга чейин ички иштер министрлигинин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга байланыштуу башкармалыгын жетектеп келген.

XS
SM
MD
LG