Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:20

ИРАНДАГЫ ДИНИЙ БИЙЛИККЕ АЙРЫМ АЯТОЛЛАЛАР ДА КАРШЫ ЧЫГУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Иранды 25 жылдан бери бийлеген динаятчылар башкаруучулугуна каршы журналисттер же укук коргоочулар гана эмес, кээ бир учурларда айрым аятоллалар да каршы чыгууда. Бирок алар бийликтин катуу куугунтугуна калып жатат.

Баш кеңсеси Лондон шаарында жайгашкан "Эминисти интрнэшнл" уюму октябрдын башында билдиргенге караганда, Иранда бир топ белгилүү болгон аятолла Сейед Хусейн Боружердинин кырктан ашык колдоочусу камакка алынды. "Азаттыктын" кабарчысы Голназ Эсфандиари телефон аркылуу Боружердинин өзү менен байланышканда, Ирандагы оор абал тууралуу ал Папа Бенедиктке жана Европа Биримдигинин тышкы саясаты үчүн жооптуу Хавьер Соланага кат жазганы тууралуу билдирди.

Боружердинин айтымында, анын атасы Сейед Али Боружерди дагы аятолла болчу жана 2002-жылы белгисиз себептерден каза тапкан. Анын өлүмүнүн себептерин Иранда ал өз күчү менен аныктай албагандыктан, чет өлкөлүк жетекчилерге жардам сурап кайрылган.

Анын айтымында, Ирандын диний башкаруучулары анын өзүн дагы өлтүрөбүз деп коркутууда жана акыркы 14 жылдын ичинде ал бир нече жолу кармалып, түрмөдө кармалып чыкты: "1995-жылы мен бир нече ай абакта отуруп чыктым. Андан соң 2001-жылы мени бир нече жолу кармашты. Менин эки мечитимди тартып алышты. 1979-жылы ал мечиттер мага берилгенде, аларга намаз окуганга аз эле адам келчү, 2001-жылы аларды менден тартып алып жатканда, мечиттерге эл батпай калган", - дейт Боружерди.

Куугунтукка калганынын себебин аятолла - ал дин менен саясатты аралыштырбаш керек деп чыкканынан көрөт. Мындай көз карашты карманган аятолланын үмөттөрү жана башка колдоочуларынын саны көбөйүп баратканы бийликтеги динаятчылар үчүн коркунуч түзүүдө:

Мисал үчүн, үстүбүздөгү жылдын 30-июнунда ал Тегеран шаарынын Шахид Кешвари денен стадионунда мусулмандар менен жолугушуу өткөргөн жана ага миңдеген адам келген. Окуядан көп өтпөй ага каршы аракеттер күчөдү жана анын жүздөн ашык тарапкери камакка алынды: "Мындан эки жарым ай мурда мага каршы көтөрүлүш чыкты, анткени биздин акыркы жыйыныбыз бүткүл шаар үчүн ири окуя болду. Бийликтегилердин оюнда, эгер алар мени убагында токтотпосо, жакында мени миллиондогон адам колдоп калышы мүмкүн. Ошондуктан алар менин артыман түшүп, үйүмдү курчоого алышты", - дейт аятолла.

Анын айтымында, дин саясатка кошулбаш керек экени жөнүндө Куранда да жазылган: "Чыныгы исламга саясий боектор кошулбаш керек экенин мен көрсөттүм. Куранда ал тууралуу аяттар бар, бирок азыркы бийлик аларды такыр башкача түшүндүрүүдө. 1428 жыл мурда болсо алар туура чечмеленген. Алар Мухаммед пайгамар жөнүндөгү аяттар, ал кантип жашаганы тууралуу жана куугунтук менен дискриминацияга каршы болгону жөнүндө. Биздин мурдагы жетекчилер кедейлерди көргөндө оозундагы тамагын аларга бере койчу, азыр болсо өлкө байыган сайын кедейлер көбөйүп баратат", - дейт Боружерди.

Анын пикиринде, жакырчылыктан улам көптөгөн ирандыктар азыр динден бурула баштады, шахтын учурунда диний ишеним алда канча күчтүү болчу.

Бийликке каршы чыккан башка динаятчылар дагы Иранда куугунтукталууда. Мисал үчүн аятолла Казем Шариатмадари 1980-жылдарда үй камагына алынган. Анын уулу Хасан азыр Алманияда жашайт жана аятолла Боружердини колдогондор көбөйүп баратат деп айтат: "Саясий бийлик аларга талап коюп, динди алар бийликке жаккандай түшүндүрүш керек деп айтууда. Көптөгөн динаятчы анын баарын түшүнөт, бирок режимге каршы чыгуудан эмне болоорун дагы жакшы билет, каршы сөз айтуудан алар жөн гана коркот. Аятолла Боружерди болсо дин менен саясаттын бир-биринен бөлүнүш керек экени жөнүндө ачык айтууда жана аны көптөгөн эл угуп жатат. Албетте, бийликке ал жакпайт", - дейт Хасан Шариатмадари.

Анын айтымында, аятолла Боружерди динаятчыларды экиге бөлүшү мүмкүн, Ирандагы режим үчүн ал өтө коркунучтуу.

XS
SM
MD
LG