Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 01:29

АПТА КААРМАНЫ – АЙДАР АКАЕВ


Ушул аптанын жума күнү Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевди Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттык мандаттан ажыраткан чечим чыгарды. Өткөн жылы сентябрда Жогорку Кеңеш аны башкы прокурордун сунушу менен депутаттык кол тийбестик укуктан ажыраткан. Кыргыз коомчулугунда Айдар Акаев кылмышкерби же жеке адамга сыйынуучулуктун курмандыгыбы, деген ар кыл пикирлер айтылууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы экс-президенттин уулун депутаттык мандаттан 2005-жылдан бери парламенттин ишине катыша элек деген негиздеме менен ажыратты. Төрага Туйгунаалы Абдыраимов БШКнын бүтүмүн минтип чечмеледи:

- Эми Айдар Акаев менен Мурат Малабаев (ал да ушул эле чечим менен депутаттыктан ажыратылган –авт.) бир жылдан бери бийликте жок. Баарыбыз билебиз. Бир жыл бою Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан жок. Аны баарыбыз билебиз. Конституцияда ушундай жазылган: депутат мамлекеттен тышкары чыгып кеткен болсо, отурумдарга катышпаса андан депутаттык мандаты алынат. Биз ошол мыйзамды аткардык.

Мындай чечим коомдук-саясий чөйрөдө карама-каршы пикирлерди жаратты. Борборшайлоокомдун жыйынында каршы добуш берген мүчөсү Көкүмбай Турусбеков бул чечимди БШК мыйзамдарды одоно бузуу менен кабыл алды дейт:

- Бул жерде айтылып аткан конституциялык норма Жогорку Кенешке тиешелүү. Борбордук комиссия шайлоочулардын укугун бузуп атат. Шайлоочулар убагында шайлашты. Токтом долбоорунда тиркелген шайлоочулардын бир кагазы жок. Маселе отурумга даярдыксыз эле дүңүнөн сунуш кылынды.

Турусбеков бул чечимдин артында кандайдыр бир кызыкчылык болушу толук ыктымал деп болжойт.
Ушул эле күнкү отурумда парламенттин бир катар депутаттары да парламенттик комиссиянын бүтүмүн күтпөй, шашылыш кабыл алынган мындай чечим кандай максатты көздөгөндүгү түшүнүксүз болуп калды, деп чыгышты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султановдун тапшырмасына ылайык парламенттик комиссия Айдар Акаевге жана акаевдердин ишенимдүү адамдарынын бири саналган Мурат Малабаевге байланышкан ишти аягына чыгаруу милдетин алды.

Комиссия төрагасы Мелис Эшимкановдун оюнда парламенттик комиссиянын бүтүмүнөн эрте чечим чыгарып ийип, ишти татаалдаштырып жибергенин айтат:

- Жалпы маанайыбыз мындай болчу: палатага алып чыгып, коргобой, акыйкат талкуулап, баары бир акыркы сөздү шайлоочулар айтышы керек деген чечим менен боршайкомго бермекпиз. Боршайком кодексинде бакыйып жазылып турат: үч айдын ичинде кайра шайлоо өткөрөт. Кайра шайлоо кандай болот? Округдагы шайлоочулардын жетимиш проценти шайлоого келиши керек экен. Ошолордун элүү проценти кетсин деп добуш берсе Айдарга кыйын эле болмок. Менимче мындай добуш беришмек, административдик ресурс болсо депутат болом деп чуркагандар көп экен. Ошондо биз кол койгондор канчалык негиздүү, канчалык чын пейилден кол коюп атат же тууганча эле кол койдуруп коюштубу, ошонун баарын шайлоо участогунда гана текшермекпиз. Ошол туура болмок.

Мелис Эшимкановдун айтымында, азыр парламенттик комиссиянын куржунунда Акаевди колдогон 4,5 миң, каршы чыккан 111 шайлоочунун каты жатат. Алардын чын-бышыгы аныктала элек.

Анткен менен Айдар Акаевдин депутаттык орду бир жарым жылдан бери бир ыктай чечилбей создугуп келатканын айрым талдоочулар паламенттин кызыкчылыгы менен байланыштырып, акаевчил депутаттар басымдуулук кылган азыркы парламентте Айдардын депутаттыгын сактап туруу үчүн бардык аракеттер жасалмак дешет.

Легендарлуу парламент депутаты Бегиш Ааматовдун көз карашында парламент деле бийликтин бардык башка бутактары сыяктуу эле коррупциялашкан, мындай учурда тигил же бул маселени мыйзамга такап чечүү мүмкүн эмес.


Бул аралыкта депутаттын адвокаттары Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу сунушу менен Биринчи май райондук сотуна кайрылгандыгы белгилүү болду. Алар БШК чечим кабыл алууда бир катар одоно мыйзам бузууларга барды деп негиздеп жатышат. Адвокат Чолпонбек Айтбаев мыйзам бузуулардын катарына төмөнкүлөрдү кошту:

- БШКнын маселе карап жаткандыгы тууралуу Акаевге же анын өкүлдөрүнө маалымдалган жок. Регламенттин 49-беренеси боюнча мындай чечим кабыл алууда компетенттүү адамдардан турган комиссия түзүлөт. Депутат Айдар Акаевдин укугун сактоо максатындагы мындай иш да жасалган эмес.

Айдар Акаев өткөн жылдын 24-мартында өлкөдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайта элек. Муну ал өзүнүн коопсуздугуна кепилдик берилбегендиги менен негиздеп жүрөт.

Март окуясынан кийин башкы прокурордукка дайындалган Азимбек Бекназаров акаевдердин мүлкүн изилдөө ишинин курамында Айдар Акаевге да иш козголушу зарыл деген чечим чыгарган болчу. Баш прокурордун кайрылуусунун негизинде былтыр сентябрда парламент депутаттык кол тийбестик укуктан ажыраткан. Бул чечим кийинчерээк башкы прокуратуранын Айдарга каршы кылмыш козголуп, издөө салынышын шарттаган.

- Айдар Акаевге издөө жарыяланды, камакка алуу чарасы тандалып алынды. Россия Федерациясынын башкы прокуратурасы жана Россиянын тиешелүү кызматтары менен биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз ,- деп билдирген азыркы башкы прокурор Камбараалы Конгантиев акыркы маалымат жыйындарынын биринде.

Адистердин баамында Борборшайлоокомиссиясынын акыркы чечими Кыргызстан менен Россиянын баш прокуратураларынын Айдарга байланышкан аракеттерин ыкчамдатышы мүмкүн.

Президент Курманбек Бакиевдин өткөн жумада укук коргоо органдарынын башчылары менен жолугушууда билдиргенине караганда, Айдарга каршы козголгон он сегиз кылмыш иши бар. Алардын катарында Ысыккөлдүн жээгинде мыйзамсыз эс алуу үйүн курган, «Айпери» борборунун имаратын мыйзамсыз менчиктештирген деген өңдүү айыптар аталып жүрөт.

Мындан тышкары Айдар Акаевге америкалык авиабазага май куюудан түшкөн каражаттар боюнча да олуттуу кине коюлуп келатат. Айдар экс-президент Аскар Акаевдин экинчи баласы. Ал эжеси Бермет менен бирге Жогорку Кеңешке депутаттыкка ат салышканга чейин Кыргызстандын атынан Париж клубу менен мамлекеттик карыздарды реструктуризациялоо иши менен алектенип, бир эле учурда Улуттук олимпиада комитетинин президенти, бокс федерациясынын башчысы болуп иштеп келген.
Анткен менен Айдар Акаев эл оозунда атасынын бийлигине ашкере манчыркаган, мамлекеттик ишке кийлигишип, өлкөдө тымызын бийлик жүргүзгөн үй бүлө мүчөлөрүнүн бири катары аңыз кепке айланган.

24-марттан бери Москвада жашап жүргөн Айдар Акаевди алдыда эми соттук териштирүүлөр күтүп турат. Экс-президенттин баласынын мындай тагдырына ар ким ар кыл баа берип келатат. Ыңкылапчылар дээрлик мамлекеттик мүлктү талап-тоногондор, алардын ири алдында президент жана анын үй-бүлөсү сот жообуна тартылышы керек деп эсептешет. Бул мамлекет башына келген кийинки лидерлер үчүн сабак болорун айтышат.

Акыркы учурларда Айдар Акаев менен үзгүлтүксүз байланышып жүргөн саясатчылардын бири, парламенттик комиссиянын төрагасы, депутат Мелис Эшимканов президенттин уулу жеке адамга сыйынуучулуктун курмандыгы болду дейт:

- Мен комиссияга төрага болгону кеминде эле он жолу сүйлөштүм. Көп суроолорду бердим. Мага бир жери жылуу таасир калтырды: мындай бир жалгыздыкта калгандай, баягы көзү тумандап жүргөн кезине, байлык эмне дегенге сын көз менен карагандай, жерге түшүп калгандай маанайы бар. Негизи эле кыргыздардын баягы жеке адамдын керт башына сыйынуучулугунун кырмандыгына айланганы – бул чын. Жалгыз эле Айдар эмес, акаевдердин үй-бүлөсүнүн ошого чек койгонго бир чети өздөрүнүн дарамети, саясий эрки жеткен эмес. Экинчи жагынан бүгүн Курманбек Салиевичтин (Бакиев-авт.) үй-бүлөсүнөн да ушундай эле ооруну байкап атабыз.
Президент Курманбек Бакиев уулу Максимди, башка бир туугандарын да мамлекеттик бийликке аралаштырбай турганын бийликке келгенден бери эле байма-бай айтып келатат. Оппозиция болсо акаевдердикиндей өнөкөт убадага көз каранды эмес, мамлекетти башкаруу формасын өзгөртмөйүнчө, акаевдердин тагдыры кайталана берет деген деген көз карашта.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG