Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

ЖАЛАЛАБАТ: НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫККАНДАР МАКСАТЫНА ЖЕТИШТИ


6-октябрда Жалалабат облбийлигинин маңдайында турган адамдар 4-октябрда камакка алынган Ташбулак айыл өкмөтүнүн башчысы Тайкожо Гиязовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, абактан бошотууну талап кылышты. Ал 2003-жылы жеке ишкерге эки жарым гектар жерди бергенден мамлекетке 3,5 миллион сом зыян келтирген деп шектелүүдө. Пикетчилер менен облбийликтин жооптуу кызматкерлеринин ортосунда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Тайкожо Гиязов камактан бошотулду. 7-октябрда ал ага каршы кылмыш иши атайын жасалганын билдирди.

6-октябрда Тайкожо Гиязовдун тарапкерлери бийлик алдына анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, түшкө дейре бошотуу талабын койду. Лутфилла Камаловдун болжооосунда аны эки жакка кетпөө талабы менен абактан чыгарып, тергөө ишин ачык жүргүзсө боло берет:

- Чыгарып берип, мыйзам чегинде суроолорду жүргүзө берсин. Ал бир жакка качып кетпейт, эл турат.

Гиязовго байланыштуу үч жыл мурда козголгон кылмыш иши кайра козголгону Абдилла Жунусовго түшүнүксүз болду. Ишти мурда Cузак райондук прокуратурасы кыскарткан. Ал айыл өкмөт башчы камактан бошотулбаса элдин нааразылыгы күчөп кетерин билдирди:

- Мурда бардыгын текшерип анан иш козгобойбу. Элдин талабы Тайкожону чыгарып берсин. Эгер чыгарбаса эл көтөрүлөт.

Ондогон аялдар бир нече ирет облбийлик имаратына кирүүгө далалат кылышты, бирок, алардын мындай жосунуна коомдук тартип сакчылары мүмкүндүк берген жок. Жалалабат шаардык өзбек коомунун башчысы Мухиддин Жалалов талап аткарылбаса, атүгүл шаардагы бардык улутташтарын жыя турган болду:

- Эгер чыгарбаса тополоң кылабыз.

Ал арада пикетчилердин өкүлдөрү менен губернатор Искендер Айдаралиев баарлашты. Сүйлөшүүдө коомдук –саясий жагдай эске алынып, Гиязовду бешим ченге кое берүү жагы макулдашылганын облбийликтин бөлүм башчысы Кадырбек Бечелов малым кылды:

- Баш коргоо чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө жөнүндө подпискага чыгарылсын, анткени үй-бүлөсү бар.

Жума күнү Тайкожо Гиязовго кызмат абалынан пайдалангандыгы жөнүндө айып уктурулду. Облпрокурордун орунбасары Камил Абдрашевдин маалыматында ал 2003-жылы Ташбулак айыл өкмөтүн башкаруу менен 2,5 гектар жерди жеке ишкерген берген. Андан мамлекет үч жарым миллион сом зыян тарткан.

27-июнда кылмыш ишин козгогон каржы полициясынын чакырыгына келбей койгон. Камил Абдрашев иштин саясатка тиешеси жок экендигин айтып, Гиязовдун баш коргоо чарасын өзгөрткөнүн билдирди:

- Буга саясий көз карашта караганга болбойт, жеке менчикке 2 жарым гектар жерди берип жиберген. Ошонун бүгүнкү күнгө мамлекетке келтирген зыяны 3 жарым млн. акчаны түзүп атат.

Айыл өкмөт башчысы саат төрттө бошотулду. 7-октябрда ал коюлган айып негизсиз жана кылмыш иши атайын жасалганын маалымдады:

- Мага коюлган күнөөнү негизсиз деп эсептейм. Мунун аркасынан кимдер, кандай саясий оюн кылып атканын азыр айта албайм, - деди Тайкожо Гиязов.


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабат

XS
SM
MD
LG