Шаардык полициянын билдиришинче, чечен согушун сын көз карашта чагылдырган белгилүү журналисттин ок жеген өлүгү шаардын борборунда өзү жашаган үйдүн лифтинен табылды. Ошол эле жерден бир нече ок жана тапанча табылган. Политковская орус өкмөтүнүн Чеченстандагы операцияларын критикалык көз караштан, терең чагылдырганы менен кеңири таанымал эле. 2004-жылы ал Бесландагы мектеп кризисин чагылдыруу үчүн баратканда учакта ичкен чайынан кийин уулануунун симптомдору менен катуу ооруп калган эле. Ошол кезде анын кесиптештери Политковскаяны өлтүрүү аракети болду деп шек санап калышкан.