Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

КАЗАКТЫН УЛУУ ТАЛААСЫН ЫРДАГАН КЫРГЫЗДАР ЖАНА КЫРГЫЗБАЙДЫ КЕТИРЕБИЗ ДЕГЕН…


(Өтүп бараткан аптанын маданий окуялары)

Шейшемби күнү Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде “Дүйнө жүзүн үмүттөнүп карайлы” аттуу фото көргөзмө ачылды. Көргөзмө “Психикалык саламаттык жана коом” коомдук бирикмесинин Баткен облусуна болгон сапарында тартылып алынган фотосүрөттөрдүн негизинде уюштурулган.

Аталган коомдун жетекчилери облустагы Сүлүктү, Исфана жана башка бир катар айылдардагы ооруканаларда, мектеп интернаттарда болушуп, ал жердеги абал менен таанышып кайтышкан. Көргөзмөдө көбүнчө жетишпеген, жакыр жашоо чагылдырылган. “Психикалык саламаттык жана коом” коомдук бирикмесинин жетекчиси Бурул Макенбаева Баткен жергесине жардамдар жетпегендигин айтып, психикалык саламаттыктын жакырчылык менен түздөн-түз байланышы бар экендигигин белгилесе, психолог Кеңешбек Үсөнов бул иш-чара өз натыйжасын бере тургандыгын айтып, андан ары да улантууну ниет кылып жатышкандыгын билдирди.

Психикалык саламаттык туурасында элге түшүндүрүү, көңүлүн буруу жана коомчулуктун бул маселеге болгон пикирин өзгөртүү максатында уюштурулган бул иш-чаранын алкагында психикалык саламаттыкка тиешеси бар маселелерди чагылдырган фильмдер да көрсөтүлдү. Бул фотокөргөзмө 15-октябрга чейин созулат, андан соң бул иш-чара Ош шаарында форум менен уланмакчы.



Шейшемби күнү Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артистери эки тарап болуп бөлүнүшүп өз пикирлерин билдиришип, өкмөт үйүнүн алдына чыгышты. Ачкачылык жарыялаган биринчи тарап “Театрда жаңыланууну талап кылабыз”, “Театрдын деректири Осмонов биздин адамдык укугубузду тебеледи”, “Кыргыз Улуттук театры Кыргызбай Осмоновдун менчик театры эмес” деген жазуулар менен өкмөт үйүнүн алдына чыгышып, театрдын жетекчиси Кыргызбай Осмоновдун кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Алардын бири Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Шайгүл Алсейитова кыргыз драма театры жеке театрга айланып калды деген пикирде.

-Бул театр Кыргызбай Осмоновдун жеке театрына айланып калды. Мен Бакиев менен жакшы мамиледемин, Сыдыков менен мамилем жакшы, мен момундай депуаттардын тоюн алып баргам деп тамада болуп келип алып, алты жылдан бери суранып олтуруп, кезексиз “Эл артисти” деген наамды алып алды. Мындайча айтканда татыксыз алды. Бизге иштеп бере турган, туура көз караштагы жетекчи керек. Биз ошону талап кылып чыгып жатабыз,- дейт артист Алсейитова

Ошол эле театрдын айрым артистери театрдын жетекчисин колдоо максатында өз ойлорун айтып чыгышты. Алар жетекчинин кызматтан кетүүсүнө эч кандай негиз жок дешет. Түзүлгөн кырдаал боюнча театрдын жетекчиси Кыргызбай Осмонов мындай пикирин билдирди:

- Азыр пикетке чыгабы, ачкачылык жарыялайбы ал ар бир адамдын өз эрки. Ал эми мени кетиргенге эч кандай негиз жок, аргументтери да жок. Жетекчи бизге жакпай калды, кетсин деген доомат негизсиз доомат деп эсептейм.

Ишемби күнү Маданият министри Султан Раев ачкачылык акциясына чыккан артистер менен жолугуп, аларга министрликтин буйругун окуп берди. Анда Кыргыз драма театрындагы абалды текшерүү үчүн көз карандысыз комиссия түзүлөөрүн жана текшерүү учурунда театрдын жетекчиси Кыргызбай Осмоновдун кызматтан убактылуу четтилерин кабарлады.


Кыргыздын төкмө акындары Казакстанда өткөрүлгөн “Коркут жана улуу далаа сазы” аттуу эл аралык фестивалга катышып, байге менен кайтышты. Бул эл аралык фестивалга Алтайдан, Хакасиядан, Түркиядан, Өзбекстандан, Казакстандын ар облустарынан жана башка бир катар өлкөлөрдөн баардыгы болуп 80 өнөрпоз катышкан. Фестивалдын алкагында “Улуу далааны жырлаймын”, кыргызча айтканда “Улуу талааны ырдаймын” деген темада казак-кыргыз айтышы болуп, анда казак төкмөлөрү менен кыргыз төкмөлөрү Азамат Болгонбаев, Шекербек Адылов жана Максат Кулуевдер ат салышып кайтышты.

Фестивалдын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен баш байге жергиликтүү акын Нурмат төкмөгө ыйгарылган. Биринчи орунду Азамат Болгонбаев жеңип алып, диплом жана 100 миң теңгеге ээ болгон. Ал эми Шекербек Адылов менен Максат Кулуев үчүнчү орунга татыктуу болушуп, 50 миң теңге акчалай сыйлыкка ээ болуп кайтышты.


Бул жумада ошондой эле Элдик көркөм өнөр кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чаралар өттү. Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет белгиленип жаткан майрамдын алкагында салтанаттуу жыйын болуп, “өнөр майрамы” көргөзмөсү ачылды. Анда чеберлердин колунан жаралган буюмдар коюлду. Бул иш-чара фольклордук музыканын концерти жана улуттук кийимдердин көргөзмөсү менен коштолду.

Бишкекте француз мультфилмдеринин жумалыгы өткөрүлүп, анын алкагында француз режиссерлору тарткан бир нече мультфильмдер көрсөтүлдү.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG