Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

17:40 «Ар намыс» партиясы «Реформа үчүн» кыймылынан чыгарын кабарлады


БИШКЕК. Буга байланышкан билдирүүдө партия кыймылдын системалуу өзгөрүүлөргө байланышкан талаптарын колдоорун, бирок, «Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаров менен бир кыймылга мүчө боло албастыгын белгилеген. Бекназаров «Общественный рейтинг» гезитине берген интервьюсунда Феликс Кулов Курманбек Бакиев менен тандем түзүп бийликте, анын партиясы бийликке оппозицияда жүрөт деп, муну эки жүздүүлүк катары белгилеген. «Ар-намыс» тараткан билдирүүгө караганда, партия оппозицияда эмес, конструктивдүү-сынчыл көз карашты тутунат. Мындай маалымат бүгүн партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамыровадан алынды.

XS
SM
MD
LG