Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:51

МАСКӨӨДӨ АННА ПОЛИТКОВСКАЯНЫ ЭСКЕРГЕН ЖЫЙЫН БОЛДУ


Анна Политковскаянын өлүмү боюнча иликтөө ишиндеги негизги божомол анын журналисттик кесибине байланыштуу болуп атат. Кылмышты иликтөө ишине көзөмөлдүк кылууну Орусиянын башкы прокурору Чайка өз моюнуна алган. Тартип сактоо органдарынын маалымдоосунда, тыштан киргендерди сүрөткө тартып туруучу аппаратта элдир-селдир элес калган. Ошол сүрөт боюнча тартылган киши изделүүдө. Таанымал журналист Анна Политковскаяны кечээ кечке жуук үйүнүн жанынан кимдир бирөө атып кеткен эле. Анализчилер ал бирөөнүн көргөзмөсүнөн улам өлтүрүлдү дешет. Адам укугун коргоочулар Политковскаяны эскерип митинг өткөрүштү.

Бүгүн Маскөөнүн Пушкин аянтында адам укугун коргоочулардын демилгеси менен Политковскаяны эскерүү митинги болуп өттү.

Бүгүн ал жашаган Лесная көчөсүндөгү үйдүн босогосуна москвалыктар гүл дестелерин коюшууда.

Анна Политковскаянын атылып кетишин анализчилер чөйрөсү бир ооздон «аны бирөө аттырды», - дешүүдө.

Кесиптештери болсо Политковскаянын өлүмүнө кремлдик саясатты туу кылган Чеченстандын өкүмөт башчысы Рамзан Кадыров же аны коомчулукка жаманатты кылыш максатта анын душманы жасады дешет.

Бул өлүм үчүн саясий жоопкерчиликти өлкөнүн жетекчилиги моюнуна алууга тийиш деген пикирди либералдык жетекчилердин бири Григорий Явлинский таркатты.

- Өлкөдөгү, кийинки учурдагы, жалпы чыныгы эл менин элим деп, башка элдерди жек көрүү маанайы, улутчулдук багытындагы туталануу мындай окуянын чыгышына опоңой түрткү болот, - дейт "ЯБЛОКО" партиясынын лидери.

Мерт болоордун алдыңкы күнү Анна Политковская "Азаттыктын" кабарчысы менен болгон маегинде мурдагыдай эле Түндүк Кавказ жана анын катарында Чеченстандагы абал тууралуу макала жазып атканын айткан:

- Азыр, мына ушул мөөнөттө, үстөлүмдүн үстүндө эки сүрөт жатат. Изилдөө жүргүзүп атамын. Кадыровдук кыйноого алуу кандай болору туурасында, - деген эле маркум.

Политковскаянын бийликке да катуу сын айтып келе жатканы баарыга белгилүү болучу.

Бирок, Путиндин бийлиги аны абакка камабаса да, кремлдин сепилине жакындатпаганы да белгилүү эле. Ошол себептен президенттин туулган күнү атактуу журналисттин ок жеп мерт болушу дагы бир түгөнбөс кепке айланууда.




Муса Мураталиев, Маскөө калаасы
XS
SM
MD
LG