Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

КЫРГЫЗ АДИСТЕРИ: АННА ПОЛИТКОВСКАЯ РЕЖИМДИН КУРМАНДЫГЫ БОЛДУ


Орусиянын белгилүү журналисти жана укук коргоочу Анна Политковская ишемби күнү кечке маал Москвадагы үйүнүн жанында белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлдү. Политковская Түндүк Кавказдагы, өзгөчө Чеченстандагы окуяларга байланыштуу жазган курч макалалары менен коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп келген. Анын атып өлтүрүлүшү Кыргызстандын укук коргоочуларын жана атуулдук коомдун өкүлдөрүн кайдыгер калтырган жок.

48 жаштагы чыгаан журналист Анна Политковская өзү иштеген «Новая газета» гезитине Орусия бийлигинин Түндүк Кавказдагы аракеттерин катуу сындаган макалaларды чагылдырып келген.

Ал Чеченстандагы окуяларды өз көзү менен көрүп, андагы саясат, согуш, террорчулук темасын «Тозокко саякат. Чеченстан күндөлүгү» аттуу китепке жазып чыккан.

Анын киши колдуу болушуна Кыргызстандагы укук коргоочулар, атуулдук коомдун өкүлдөрү да тынчсыздангандыктарын билдиришүүдө.

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» укуктук борбордун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова:

- Анна Политковскаяны дүйнөдөгү укук коргоочулар, жазуучулар, журналисттер жакшы билишчү. Ал бийлик үчүн эмес, чындык, акыйкаттык, эгемендүүлүк, мыйзамдуулук үчүн иштеген адам эле. Негизинен Чеченстандын эгемендүүлүгү тууралуу, Бесландагы окуя тууралуу көп материалдарды жазган. Ошондой эле Орусия армиясынын мыйзамсыз иш аракеттерин сындап, Чеченстанга карата Орусиянын расмий саясатын туура эмес, деп ачык эле айтып чыккан. Ошондуктан мен ойлойм, Политковскаяга күч колдонуу - бүгүнкү күндө курч, адилет сөздөн корккон орусиялык империялык саясат.

Ал эми Орусия жана Казакстандагы кыргыз диаспорасынын "Замандаш" ассоциациясынын президенти Жума Абдуллаев болсо Анна Политковскаянын мерт болушу анын кесиптик иштерине байланыштуу болушу мүмкүн деген пикирде:

- Менин маалыматым боюнча, Политковская бийликтеги чоңдор, сасяатчылар аралашкан бир чоң «афераны» иликтеген материал даярдап аткан имиш. Андыктан бул окуя анын журналисттик кесибине байланыштуу болду, деп ойлойм.

Укук коргоочу, «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова Политковскаянын акыркы кездердеги коомдук-саясий ишмердүүлүгү анын өмүрүнө залалын тийгизди деген ойдо.

Азиза Абдырасулова ошондой эле Орусияда сөз эркиндигине, адам укуктарына дале болсо бийлик тарабынан кысым көрсөтүлүп келатканын белгиледи.

«Трибуна» гезитинин редактору Рысбек Өмүрзаковдун айтымында, Политковскаянын киши колдуу болуп өлтүрүлүшү КМШ мамлекеттеринде журналисттердин коопсуздугуна маани берилбегендигинин дагы бир далили.

Өмүрзаков ошондой эле журналисттер үчүн мыйзамдык база чыңдалмайынча, маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлмөйүнчө жана алардын коопсуздугу камсыздалмайынча, Орусияда эле эмес, жалпы эле КМШ мамлекеттеринде журналисттердин өмүрү «кылдын кырында» тура берет, деп эсептейт.


Аманбек Жапаров, Бишкек
XS
SM
MD
LG