Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:43

ОППОЗИЦИЯ ЖАНА БИЙЛИК : ЭРЕГИШТЕН ЭР ӨЛБӨЙБҮ?


2-ноябрга чейин оппозиция менен бийлик тил табыша алабы? Оппозиция лидерлеринин бири Алмазбек Атамбаев "бийлик керек болсо үч сааттын ичинде биздин талаптарды аткарууга жетишет" дейт. Ал эми бийлик өкүлдөрү болсо оппозиция "бизге иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей жатат" деген пикирди айтууда. Бул арада Россиянын башкы прокуратурасынын Борис Березовскийдин эмне себептен Кыргызстанда кармалбаганы боюнча каты ачыкка чыгууда.

Оппозиция 2-ноябрга белгиленген нааразылык акциясына даярдыктарды жүргүзүүдө. Бул тууралуу социал-демократиялык партиянын лидерлери 9-октябрда уюштурулган маалымат жыйынында билдирди. Ал акция тынчтык максатта болорун партиянын лидери Алмазбек Атамбаев белгиледи:

"Биз 2-ноябрда тынчтык митингиге чыгып, бийликтин кызматтан кетишин талап кылабыз. Биз Киевде тургандай, азыр Венгрияда болуп жаткандай аянтта тынч турабыз. Ошентсе, да айта кетерим, бийликте убакыт өтө көп болду. Азыр да убакыт бар компромисске келиш үчүн".

Алмазбек Атамбаев ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев социал-демократиялык партиянын төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланганын кабарлады:

"Темир Аргембаевич биздин саясий кеңештин чогулушунда социал-демократиялык партиянын төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды. Биздин катарга бир топ атактуу, белгилүү адамдар өтөөрүн билдирип жатат"

Атамбаевдын айтымында, партияны бекемдөө аракети келерки парламенттик шайлоо партиялык тизме боюнча болоруна байланыштуу жасалып жатат.
12-октябрга белгиленген форум тууралуу оппозиция лидерлеринин бири Алмазбек Атамбаев буларды белгиледи:

"12-октябрда биз талаптарыбызды кээ бир жолдошторго жеткирүүгө аракет жасайбыз. Реформаларды бардык өлкө талап кылып жатканын көрсөтөбүз. Ал жерде белгилүү саясий-коомдук ишмерлер болот. Биз бийлик өкүлдөрү да келип, бизге үйбүлөлүк башкаруу керек эместигин, бүтүн мамлекет бир үйбүлөгө иштешин каалабашыбызды көрүшүн каалайбыз".

Бул иш чарага катышкан депутат Мелис Эшимканов Борис Березовскийге байланыштуу Россиянын башкы прокуратурасынан кыргыз прокуратурасына кат келгени тастыкталганын билдирди. Ал тууралуу башкы прокурордун орун басары Нефоросныйдын депутаттык комиссияга жазган катын Эшимканов окуп берди:

"20-сентябрда Кыргызстандын башкы прокуратурасына Россиянын башкы прокурорунун орун басары А.Г. Звягинцевден кат келди. Анда бир катар кылмыш иштери боюнча издөөдө жүргөн Борис Березовскийди кармоого чара көрүлбөгөнүнүн себебин түшүндүрүүнү орус прокуратурасы өтүнгөн. Тактап айтканда, Кыргызстандын башкы прокурорунун орун басары Нефоросных орус прокуратурасынан кат келгенин тастыктап жатат".

Катта ошондой эле Лондон-Бишкек багыты боюнча эки жүргүнчүсү бар учак 29-июлда Манаска учуп келгени, 30-июлда ал учак бир жүргүнчүсү менен кайра Лондонго багыт алганы белгиленген. Кайра кеткен жүргүнчү И. Валиев деген атуул болгон. Бирок, экинчисинин аты-жөнү жазылган эмес. Башкы прокурордун басма сөз катчысы Токтогул Какчакеев аскердик прокуратура учурда ал атуулдардын аты-жөнүн тактап жатканын кабарлады.

Ал эми бийлик өкүлү юстиция министри Марат Кайыпов президент оппозиция менен сүйлөшүүгө даярдыгын буга чейин эле билдирген дейт. 12-октябрга белгиленген форумга бийлик көзү түз экенин кошумчалаган Марат Кайыпов оппозициянын талаптары тууралуу буларды белгиледи:

"Алар бизди иштетпей жатышпайбы. Мисалы үчүн, конституциялык реформа жасалбады дешет. Бирок конституциялык реформа өзүнүн жолу менен кетип атпайбы. Президенттин январь айында чыгарган жардыгы бар, анда төртүнчү кварталда референдум өткөрүлөрү айтылган. Анда башкаруу формасын эл аныктайт.Президент өзүнүн сөзүнө бекем болуп, төртүнчү кварталда ошондой референдум өткөрөт. Бир күндүн ичинде эле конституцияны кабыл ала койбойбуз да".
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG