Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:05

КУРШАБДАГЫ ШАЙЛООНУН ТАГДЫРЫ КАЙРАДАН СОТКО КЕЛИП ТАКАЛДЫ


Бишкектин Биринчи май райондук соту өткөн жуманын этегинде Мамат Орозбаевди депутаттык мандаттан ажыраткан БШК чечимин жараксыз деп тапты. Бүгүн болсо анын атаандашы Санжар Кадыралиев менен БШК райондук соттун чечимине каршы Жогорку Сотко кайрылышты. Ошентип шайлоодон чыккан талаш эми кайрадан сотко келип такалды.

Төрт айга чукул убакыттан бери чечилбей келе жаткан талаштуу маселеге БШК өткөн жумада чекит коюп, Мамат Орозбаевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттаган мурдагы чечимин жокко чыгарган. Ошол эле учурда Боршайком анын атаандашы Санжар Кадыралиевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттаган чечим кабыл алган эле. Бирок сот БШКнын бул чечимин жокко чыгарып, Мамат Орозбаевдин арызын канааттандырды.

“БШК улам артка жылдырып, регламентин бузуу менен маселени атайын создуктуруп келди. Акыры 5-октябрда Түзбел участкасындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу менен Санжар Кадыралиев ЖК депутаты деп таанылсын деген токтом чыгарды. Ошол токтомдордун баарын райондук сот жокко чыгарып, мени депутат катары тааныган чечимди күчүндө калтырды”, - дейт Мамат Орозбаев.

Анын атаандашы Санжар Кадыралиев болсо райондук соттун мындай чечимине макул эмес:

"Биздин көз карашыбызда райондук соттун чечими туура эмес. Биз азыр Жогорку сотко кайрылдык. Мамат Орозбаевдин деле шайлоодогу катачылыктарын биз көрсөткөнбүз. Мыйзам баарына бирдей болушу керек".

Куршаб шайлоо округунун Түзбел участкасында быйылкы жылдын 25-июнуна кайра шайлоо белгиленип, бирок тараптардын тирешүүсүнөн добуш берүү үзгүлтүккө учураган. БШК мүчөлөрү андан соң бул маселе боюнча бир пикирге келе албай, чечим кабыл алуу улам артка жылдырылып келген. БШК мүчөсү Жылдыз Жолдошева бул арада тиешелүү тараптардан эч кандай жооп болбогонун айтат:

"Бул маселеде талаш-тартыш абдан көп болгон. Конституциялык сотко жана башка тиешелүү тараптардын баарына кайра шайлоону үзгүлтүккө учуратууда кимдин, кайсы талапкердин күнөөсү көп болду деген суроо менен чейин кайрылганбыз. Бирок эч кандай жооп болбоду. А түгүл Жогорку Кеңеш да өз баасын бере алган жок. Бир гана Жогорку сот Түзбелде шайлоо болбосо калган участкалардын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынсын деген жооп берди. Албетте, калган 31 участка боюнча Санжар Кадыралиевдин добушу көп болчу. Эми кайра соттун чечимин күтүүгө туура келет."

Биринчи май райондук сотунун жогорудагы чечимине каршы Борбордук шайлоо комиссиясы да бүгүн Жогорку сотко кайрылганын «Азаттыкка» БШК мүчөсү Жеңиш Акматов билдирди. Ошентип бул талаштуу маселеге эми Жогорку сот чекит кое турган болду.

Сүрөттө: Сот чечими менен депутаттык мандатын кайтарып алган Мамат Орозбаев.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG