Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 00:24

ТҮНДҮК КОРЕЯ ЯДРОЛУК СЫНАК ӨТКӨРДҮ


Түндүк Кореянын бийликтери ядролук сынак өткөргөнүн,ал ийгиликтүү аяктаганын ырастоодо. Бир катар өлкөлөр Пхеньянды кескин айыптап, Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин Түндүк Кореяга каршы катуу чараларды көргөнгө чакырууда.

Пхеньян ядролук сынак өткөргөнүн адегенде Түштүк Кореянын өкүлдөрү билдиришти. Өлкөнүн сейсмологиялык кызматтары бүгүн эрте шашкеде, жергиликтүү убакыт боюнча саат ондон отуз мүнөт өткөн ченде жер силкингенин, анын күчү Рихтер өлчөмүндө үч жарым баллга жеткенин катташкан. Муну кийин япониялык, америкалык сейсмологдор, орус армиясынын техникалык кызматтары ырасташты. Россиянын коргоо министри Сергей Иванов сыналган дүрмөттүн кубаты болжол менен 15 килотоннага барабар болгонун,атүгүл сынак кайсы жерде өткөрүлгөнү да так белгилүү экенин маалымдады. Президент Путин эл аралык коомчулуктун талаптарын таңазар албаганы үчүн Түндүк Кореяны айыптады. Москва бул ишке байланыштуу Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде консультацияларды өткөргөнү жатат. Бирок иш Пхеньянга катаң санкцияларды жарыялоого жетсе, бул чечимди Москва колдойбу же жокпу,белгисиз.

Москвадан мурда дүйнөлүк көп өлкөлөр,алардын ичинде АКШ, Австралия, Япония Пхеньянды кескин айыптап чыгышты. Аларга Кытай да кошулду. Австралиянын премьер-министри Жон Ховард Коопсуздук кеңешин Пхеньян режимине каршы тыкыр жана натыйжалуу чараларды көрүүгө, эң катуу санкцияларды жарыялоого чакырды. Ак Үйдүн өкүлү Тони Сноу да Вашингтондун ушундай позициясын билдирди. Япониянын кабинет катчысы Түндүк Корея өткөргөн сынакты Токио өкмөтү азиялыктарга, жалпы эле дүйнөлүк жамаатка багытталган олуттуу коркунуч деп баалай турганын белгиледи. Түштүк корей президентинин өкүлү Сэул өкмөтү түндүктөгү коңшусуна ядролук куралга ээ болгонго жол койбос үчүн колдон келген бардык чараларды көрө турганына ишендирди.

Пхеньяндын ырасмий маалымат агенттиги жер алдындагы сынак түндүккореялыктар өздөрү түзгөн технологиялардын жардамы менен жасалганын бөлүп көрсөтүп, бул ишти “армия менен элге кубаныч алып келген тарыхый окуя” деп атады. Пхеньян бул сынак Корей жарым аралында жана ага чукул аймактарда коопсуздукту, стабилдүүлүктү сактоого жардамдашат деп эсептейт.

Эксперттер түндүк кореялыктардын бир нече атомдук бомбасы болуу керек деп эбак эле болжолдоп жүрүшкөн. Ошол эле учурда алар бул жолку сынамык Пхеньян толук кемелдеги ядролук куралга ээ болгонун билдирбейт дешет. Жакында эле Түндүк Корея алыска атылуучу ракета сынап, анысы оңунан чыкпай калган эле. Бирок кандай болгон күндө да бул жолку сынакты эксперттер региондогу саясий жагдайды өзгөрткөнгө жарайт деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG