Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

БИЗНЕС ЖАҢЫЛЫКТАРЫ: ЧӨНТӨК ТЕЛЕФОНДУ УУРУЛАРДАН САКТАГАН ТЕХНОЛОГИЯ, ПЛАСТИКАЛЫК ХИРУРГИЯ МЕНЕН ЖАШАРГАН ЭРКЕКТЕР


Британиялык компаниялардын бири чөнтөк телефондорун уурулардан сактаган жаңы технологияны иштеп чыкты

Бул технология чөнтөк телефондорду уурдоону таптакыр токтотуп койо албайт, бирок телефон ууруларынын мизин кайтарганга жарайт. Азыркы чөнтөк телефондордун көпчүлүгү жүздөгөн электрондук каттарды, адрестер менен жeке адамга тийешелүү башка маалыматтарды сактаган чөнтөк компьютерине айланганы маалым. Ошон үчүн британиялык инженерлер иштеп чыккан жаңы программа маалыматтарды коргоо үчүн маанилүү. Жаңы программа менен камсыз кылынган телефондор ууру уурдап, СИМ картасын алмаштырганы жатканда телефон адаттан тыш катуу жана токтобой чырылдаган добуш чыгара баштайт экен. Азыркы компьютердердин баары андагы маалыматты кыйратуучу "вирустардан" сактоочу программалар менен жабдылган, британдык инженерлер ойлоп тапкан жаңы программа дал ошондой мааниге ээ, болгону ал чөнтөк телефондору үчүн ылайыкташтырылган. Британиянын Мобилдик Телефондор Өндүрүшүнүн Кылмыш маселелери менен алектенген форумунун өкүлү Жэк Врейт анын уюму өкмөт жана полиция менен кызматташып жатканын баяндайт.

«Биз чөнтөк телефондорун мүмкүн болушунча жакшы коргоо максатында өкмөт жана полиция менен кызматташып, уурдалган телефондорду сатууга бөгөт койууга аракетенип жатабыз»,-дейт Жек Врейт.

Интернет аркылуу буйум-тайым сатып алган адамдар барган сайын көбөйүүдө

Интернет аркылуу видео жана электрондук техниканы, кийим-кече, китеп, белек-бечкек жана башка толгон токой нерселерди сатып алса болот. Ошон үчүн азыр интернет аркылуу соода жүргүзгөн компаниялар сооданын көлөмүн көбөйтүүнүн жолдорун караштырууда. Жакында АКШнын Нетфликс аттуу компаниясы сооданы өөрчүтүүгө жардам бере турган жаңы программаны иштеп чыкканга конкурс жарыялады. Конкурс жарыялангандын эртеси эле ага катышууга эки жарым миң киши арыз бериптир. Конкурстун жыйынтыгы бир жылдан кийин чыгарылмакчы. Эгерде бул убакыттын ичинде компаниянын талаптарын толугу менен ынандыруучу долбоор чыкпаса , анда конкурска берилген долбоорлордун эң мыктысына он проценттик, башкача айтканда, 50 миң доллар өлчөмүндөгү кызыктыруучу байге берилет.

Британиянын клиникалары пластикалык хирургиядагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдашууда

Эгерде пластик –хирургдардын жардамынан мурда аялдар эле пайдаланышса, азыр андай адистерге кайрылган эркектердин саны кескин көбөйдү. Көпчүлүк эркектер өңүн жашартып берүү өтүнүчү менен кайрылат. Буга биринчиден массалык маалымат каражаттарынын бул темага көп кайрылып жатканы себеп. Экинчиден: жакшы жумушка орношууга аракеттенген эркектердин арасындагы атаандаштыктын да ролу бар. Анткени көптөгөн фирмалар өңү чарчаңкы, улгайып баратканы жүзүнөн байкалып турган эркекти ишке алгандан көрө жаш жигиттерди алганды туура көрүшөт.

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары

XS
SM
MD
LG