Жогорку Кеңеш төрагасы Марат Султанов азырынча бул маселе боюнча жыйынтыктуу пикир айталбасын, комитет бүтүмүнөн соң пикирин ачыкка чыгара тургандыгын 9-октябрда “Азаттыкка” билдирди.
- Комитет азыр иликтесин, жыйынтыгын берсин, анан кийин айтабыз да. Анан комитет чечими жок эле төраганын чекит коюп койгону болбойт.
К.Бакиев менен Ф.Кулов мунасасы кандай шартта кабылданганын сурап парламент депутаты Азимбек Бекназаровду сөзгө тарттык. Анын айтуусунда, мунасанын чыгышына курч коомдук-саясий шарт деле жок болчу.
- Ыңкылап шартына ылайык булар жаңы жол куруп ийсе биз четте калып калабызбы деп чочулап, булар А.Жумагулову баш болуп Курманбек Бакиевди ошол тандемге мажбурлашкан.
“Реформалар үчүн” кыймылынын теңтөрагасы Алмазбек Атамбаев өлкө жетекчиси менен өкмөт башчысынын мунасасы учурунда дурус иштеди деген пикирде.
- Тандемдин негизи ойлору жакшы болчу. Ошол тандемде түзүлгөн келишим аткарылбай калбадыбы. 2005-жылдын октябрына чейин конституциялык реформа болот делген. Кеп жанагы тандем түзүлгөндөн кийин өз ара макулдашуунун аткарылбай жатышында. К.Бакиев аткарбай койду. Ф.Кулов болсо тымпыйып отуруп берди. Бар балээ ушундан чыкты.
Элдик ыңкылаптан кийинки кысталыш кырдаалда түзүлгөн К.Бакиев – Ф.Кулов мунасасы тууралуу карапайым калк өкүлдөрү кандай ойдо? Эркингүл Байболованын пикири.
- Биздин эл азыркы бийликке ишенбей калды, ишенчилик жок.
Өзүн Турсун Молдалиева деп тааныштырган Бишкек тургуну мунасанын кандай аткарылып жатканы тууралуу кеп кылыштан мурун аларга убакыт бериш керек деп эсептейт.
- Эми минтип убакыт бербей эле кысымга ала бергенде деле болбойт.
“Укук коргоо” фондунун өкүлү Зейнеп Абдиева тандем иштебей жатат, деген пикирде.
- Бириси калп айтса, экинчиси болсо бардыгын жан-жакабелине жоокер кылып топтоп алса, элдин мүдөөсүн аткара албагандан мындай тандемдин кимге кереги бар? Мындайды мен түшүнбөйм.
Жогорку сот төрагасы Курманбек Осмонов тандемге кол койгондордун бири. Анын “Азаттыкка” берген интервьюсунда ырастагандай, тандемдин эч кандай укуктук негизи жок. Бул, тек эки саясатчынын өз ара жигиттик келишими, “жентлмендик мунасасы”. Аны башка бир бийлик бутагынын өкүлдөрү талкууга алып, баасын беришке акысы жок.
- Катышып, күбө катары күбөлөндүрүп коелу, дешкенинен эң акырында келип, эки тарап кол коюп койгон экен, берки эки киши да кол коюп коюшуптур, анан эң акырында мен келип, карап көрүп, ошолордун өтүнүчүн эске алуу менен мен дагы кол койгомун. Анан эми азыр бирөөгө баа бермей Жогорку Кеңештин милдетине кирбейт.
Айрым байкоочулар тандемге таянып, К.Бакиев экономиканын кирешелүү тармактарын өзүнө алып, өкмөттүн колу-жолун байлап койду десе, экинчи бирөөлөр өкмөт саясат менен көбүрөөк алектенүүдө дешет.