Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 06:49

ЖАШ САЯСАТЧЫЛАР ОППОЗИЦИЯ МЕНЕН ТИЛЕКТЕШ


Жаш саясатчылар форумунун өкүлдөрү оппозициячыл күчтөр уюштуруп жаткан 2–ноябрдагы митинге катышат. Бул туурасында алар 9–октябрда маалымат жыйында билдиришти. Өздөрүн саясатчылардын жаңы муунубуз деп атаган топ азыркы бийликке каршы уюштурулганы турган акцияда кошумча талаптар менен чыгышмакчы.

Жаш саясатчылар эң башкысы - Кыргыз мамлекетинин ХИПК, же болбосо карызга баткан жакыр өлкөлөр үчүн программага кошулушуна каршы туруп, мамлекеттик кызмат орундарга жаштардын өкүлдөрүн тартуу маселесин көтөрмөкчү.

Аталган форумдун мүчөсү жана “Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар кыймылынын ” төрагасы Мирбек Асангариев, бул сунуштар жаштар үчүн актуалдуу экенин белгилейт:

- Бул эки талапты биз жаштар форумунда, жаштардын чогулушунда чыгаралы деп жатабыз. Балким жаштардын кошумчалары болоор. Ушүл жана жаштар айткан дагы башка талаптар менен чыгабыз. Мисалы Хипик деле биз келечекте төлөп калчу нерсе. Жаштардын келечектеги көйгөйү болушу мүмкүн.

Бийлик менен жарандык коомдун ортосунда маданий пикир алышуу ыкмалары калбай баратат деп кошумчалайт жаш саясатчылар форумунун дагы бир өкүлү Жаркынбек Касымбеков. Ошондуктан митинге чыгып, талаптарды аткарбай жаткан бийликке моралдык кысым көрсөтүү жолунан башка арга жок:

- Биз кол чогултуу жолу менен да аракет кылып көрдүк. Бирок мындай жолдор иштебей жатат. Анан реалдуу жана иштей турган жол – тилекке каршы ушул митинг эле калды. Биз башка жолдорго деле макул элек, даяр элек, бирок тилекке каршы жок болуп жатат.

Жаш саясатчылар форумунун мүчөлөрүнүн билдиришинче, алар 2-ноябрь күнү жалпы жаштар атынан митинге катышат. Бул туурасында Элегия Мусаева төмөнкүчө пикирин билдирет:

- Бийлик, баягы эле беш алты сокур саясатчынын талаптарын өздөрү, өздөрүнүн туугандарынан башка эч ким колдобойт деп айтып келет эмеспи. Биз бул талаптар баардык эле Кыргызстан элине керек экенин, аны беш – алты эле саясатчы эмес, көпчүлүк жаштар да колдоорун көрсөткөнү жатабыз.

Жаш саясатчылар форуму түзүлүп, коомдук - саясий майданда жүргөнүнө бир жылдан ашып калды. Мүчөлөрүнүн саны 50 дөн ашат.
Уюшулгандан тарта өлкөдө болуп жаткан окуяларга, түзүлгөн кырдаалга карата өз пикирлерин байма – бай билдирип келет.

Элеонора Бейшенбек кызы

XS
SM
MD
LG