Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

КАРЫБЕК БАЙБОСУН : САЯСАТ АНАРХИЯЛЫК ЖОЛГО ТҮШҮП БАРАТАТ


Оппозиция 2-ноябрга белгиленген нааразылык акциясына даярдыктарды жүргүзүүдө. Анда президент Бакиев менен Куловдун отставкасы талап кылынмакчы. Бул тууралуу “Реформа үчүн” кыймылына кирген саясий уюмдардын бири cоциал-демократиялык партиянын лидерлери кечээ маалымат жыйынында дагы бир жолу ырасташты. Ал эми 2-ноябрдагы митингди утурлай ушул бейшембиде улуттук форум өткөрүү белгиленүүдө. Анда уюштуруучулардын айтымында "Реформа үчүн" кыймылынын талаптарын дагы бир жолу бийликке жеткирүү аракети жасалып, президент Бакиевдин шайлоо алдында саясий реформалар боюнча берген убадалары дагы бир жолу эске салынмакчы. Өлкөдөгү кырдаал мындан ары кандай өнүгөрү жөнүндө саясат таанучу Карыбек Байбосунов “Азаттык” менен ой бөлүштү.

- Өлкөнүн саясий мүнөздөгү соңку жаңылыктарынан кабарыңыз болсо керек. Бул кайрадан саясий кризистин белгисиби, же окуялардын өз нугунда эле өнүгүшүбү, сиздин алдыга божомолуңуз кандай?

- Азыркы саясаттын өнүгүшү анархиялык жолго түшүп бараткандай белги берип атат. Себеби оппозициянын ойлору көбүнчө инфляцияга дуушар болуп, сөз баркы кете баштады. Бир сөздү кечке кайталап айта берсе, анын баасы да, кадыры да түшүп кетет турбайбы. Экинчиден, пайдалуу жагы -бийликти улам колтукка сайып, козгоп, жандандырып турбаса, бийлик өзүнө-өзү ыраазы болуп, уктап кете турган. Ошондуктан оппозициянын бул иштерин дагы колдоого алса болот. Бирок аягында анархиялык күчтөр чогулуп келип атуулдук кагылышуу оту тутанып кетүү коркунучу бар. Ошондуктан эки тарап тең терең ойлонушу керек. Боло турган улуттук форумда кайсы жол менен кетебиз, кандай өнүгөбүз ушуну жакшылап эске салып, талуулап алышыбыз керек.

- Азыр өлкөдө саясий кризистин белгилери барбы?

- Азырынча саясий кризистин белгилери жок. Азыр өз ара саясий соода болуп атат.

- 2-ноябрдагы митингдин алдын ала “Граждандык лидерлердин форуму” деген аталышта жыйын өткөрүү белгиленип жатыптыр. Ага жогорку бийлик өкүлдөрү да чакырылып жатыптыр, ушул форум мүмкүн болсо талаш маселелерди кандайдыр бир чечүү багытын таба алабы?

- Бул форумда негизинен жарымы аткарыла турган, жарымы аткарылбай турган талаптар бар. Ошол жерде эки тараптын көп талаш маселелери баары бир чечилбейт. Оппозиция беттеген оюнан кайра тартпайт, 2-ноябрдагы акцияны жүргүзүшөт. Бирок, кудайга шүгүр, элдик революция деген шерменде сөз улам жоюлуп баратат. Анда Өзбекстан, Орусия, Казакстан бизден дароо четтеп кетмек. Ошондуктан революциясыз тынч түрдө өткөрө турган акцияны ушул форумда талкуулап алышса болгудай.

- Реформа үчүн кыймылдын жетекчилиги айтууда, өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүндө терс көрүнүштөрдөн, үй-бүлөлүк башкаруу деген түшүнүктөн арылууга, коррупциялык системаны талкалоого, бир адамдын айланасында топтолгон адамдардын коомдук турмушка таасирин азайтууга, токтоосуз конституциялык реформага гана шарт түзүп берет деп. Сиз ушундай көз карашка кошулар белеңиз?

- Бул ишке кошулам да, кошулбайм дагы. Кошулган себебим, Конституциялык реформа чынында керек. Себеби система көп жагынан эскирип кетти, муну бардыгыбыз көрүп, билип атабыз. Экинчи жагынан алганда, Конституциялык реформаны кабыл алууга эч убакта шашпаш керек. Эгерде быйыл жумгактап, эптеп бүктөп-сүктөп жаңы Конституцияны кабыл алып жибере турган болсок, бул аябай чоң стратегиялык ката болуп эсептелет. Себеби азыр бир дагы турмуштун талабына жооп бере турган Конституциялык вариант иштелип чыккан жок. 2010-жылдан ары кандай өнүгүү жолуна түшөбүз, аны эч ким көрө элек. Ошондуктан жалпы улуттук стратегия иштелип чыкмайынча, (ошол улуттук стратегияларынын айрым элементтерин президенттин кайрылуусунда көрдүм,) Конституциялык реформаны жасоого шашпаш керек. Муну шашпай бышырыш керек. Убакыт алдыда. Ал эми чукул 2010-жылга чейинки так программаны иштей бериш керек, 2010-жылга эмне менен барабыз эки тарап тең так белгилеп алышы керек.

XS
SM
MD
LG