Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 12:20

БАШ МЫЙЗАМДЫН АЛИГИЧЕ БАШЫ ЖОК


Дээрлик бир жылдан бери өлкөдө жаңы конституция жөнүндө талкуулар болуп келет. Президент быйылкы жылдын акыркы айларында болсо үч багыттагы башкаруу түзүлүшүнүн бири кабыл алынарын жыл башында эле белгилеген. Бирок жер-жерлерде үмүттөр үзүлүп, бул атайын создуктурулган саясат, азыркы бийлик жаңы конституциянын кабыл алынышын каалабай жатат деген пикирлер пайда боло баштады.

Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров жетектеген атайын топ негизги мыйзамдын үч багытынын долбоорун жазып чыгышып, ал долбоорлор басма сөзгө жарыялангандан кийин жер-жерлерде кайрадан талкуулар жүрө баштаган. Бирок президент Курманбек Бакиевдин соңку кайрылуусу эл арасындагы үмүттөрдү өчүргөндөй болду.

"Башкы формасын таппай эле аягынан башына чейин чарпылып жүрө бериптирбиз. Бул боюнча социологдор, политологдор, окумуштуулар, институттар иштеди. Анан кайра башынан баштап жатышат. Инсан катары менин оюма келгени, булар убакытты атайын созуп аткандай", - деди "Менин өлкөм" партиясынын Нарындагы мүчөсү Зарылбек Арыпкулов.

"Бакиевдин тегерегиндегилер азыр Конституция жазып атышат. Алар жаңы Конституция менен жаңы шайлоо болорун түшүнүп атат. Ошондуктан жаңы шайлоону каалабай атат", - деди Алымбек Акунов.

"Эмгек жана биримдик" партиясынын өкүлү Мурат Бабаев мындай пикирлерге макул эмес. Анын айтымында, башкарууну азыркы Конституция боюнча калтырып, референдум менен эле алымча, кошумча киргизип койсо туура болмок.

Нарын шаардык мэриясынын адиси Гүлмира Султаналиева азыркы учурда жергиликтүү бийликтердин ортосунда бийлик талашуулар жүрүп жаткандыгын белгилейт: "Эки башкаруу органынын аткарган функциялары окшош, анан жумушка киргенде бийлик талашуу, бири-бирине үстөмдүк кылуу болот. Өз өзүнчө башкаруу болбой эле, алардын кол астында турган өзүнчө бутактай мамиле кылышат, практикада ошондой эле болот".

XS
SM
MD
LG