Бийлик менен оппозициянын маалымат айдыңындагы пикир келишпестиги «Пирамида» телеканаланынын айланасында түзүлгөн кырдаал жана КТРди коомдук телеканалга айландыруу маселесине байланыштуу келип чыгууда. Оппозиция өкүлдөрү «Пирамиданын» эфирге чыкпай калуусуна бийлик жең ичинен аракет жасап, ал эми КТРди коомдук телекомпанияга айлантуу убадасынан тайып кетти деп айыптоодо.
Эки айдан бери эфирге чыкпай калган «Пирамида»
телеканалы 10-октябрда билдирүү менен чыгып, анда 28-сентябрда телеканалга жасалган чабуулду бийлик уюштурду деп ачыктады.
Ал эми оппозиция лидерлеринин бири Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу мындай пикирин билдирди:
"Сиздер билгендей акыркы бир жарым жылдын ичинде сөз эркиндиги боюнча абал бир топ начарлады. Мисалы, «Пирамиданы» жандырууга аракет кылып көрүңүз… Ал эми КТР болсо Акаевдин доорундагыдан бетер абалга келип калды. Акаевдин доорунда да КТР аркылуу кимдир бирөөнү атыш керек деген үндөө кеткен эмес".
Өлкөдөгү белгилүү өкмөттүк эмес уюмдардын бири болгон «Интербилимдин» лидери Асия Сасыкбаева да өлкөдө сөз эркиндини начар деген пикирде:
"Бизде көз карандысыз телекөрсөтүү жок. Ал КТР болсо бир жактуу болуп, бир жактын идеясын, оюн берип атат. Бүгүнкү күндө КТРге оппозиция чыгалбай жатат. Көз карандысыз гезит да жок".
Ал эми көз карандысыз НБТ, НТС телеканалдары, «Агым», «Вечерний Бишкек», «Белый пароход» өңдүү гезиттердин чыгып жатканы, каалаган юридикалык тарап өз маалымат каражатын чыгарууга укугу, мүмкүнчүлүгү бардыгы тууралуу суроого Асия Сасыкбаева минтип жооп берди:
"Бийликтин басым жок дегени балким туурадыр. Бирок басма сөз институтары абдан кымбат. Ар бир эле уюм, киши гезит, журнал чыгара албайт. Ал эми болгону Пирамида, НТС. Пирамиданы болсо басым көрсөтүп жатып чыгарбай коюшту. Акыры күйгүзүп да жиберишти. Башка гезиттерди байкасаңыздар алар такыр көз каранды. «Вечерний Бишкекти» деле көрсөңүздөр… Бүгүнкү күндө биздин журналисттердин тарбиясы жок болуп калды. Эмне жазам десе ошону жазышат. Мындайча айтканда кордоо жолуна түшүп алышты".
Ал эми белгилүү саясатчы Бакыт Бешимов сөз эркиндиги тууралуу маселеге мындай пикирин билдирди:
"Менимче гезиттер эркин чыгып жатат. Кысымды деле сезген жокпун, эч кимден уккан да жокмун".
«Пирамида» телеканалынын айланасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Бешимов буларды белгиледи:
"Жалпысынан алганда, мүлк талашуу уланып жатат. Аны көрүп жатабыз. Анан албетте, ар кандай бийлик прессаны, телекөрсөтүүнү көзөмөлдөөгө аракет жасайт. Бизде ошондой бюрократиялык мамиле болуп жатат".